Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Зеленский согуш бүтсө кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты


Владимир Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында. 24-сентябрь, 2025-жыл. Нью-Йорк
Владимир Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында. 24-сентябрь, 2025-жыл. Нью-Йорк

Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык Axios басылмасына берген маегинде башкы максаты согушту токтотуу экенин, эгерде тынчтыкка жетишилсе өлкөдө президенттик шайлоо өтөрүн, өзү ага катышпай турганын айтты.

Зеленский Орусия менен узак мөөнөттүк элдешүү тууралуу келишим түзүлсө гана шайлоо өткөрүүгө умтуларын белгиледи.

Владимир Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктаган, бирок Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февралынан берки согуш шартында шайлоо өткөрүүгө мыйзам жол бербейт.

Маегинде Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынынын алкагындагы жолугушуусуна да токтолду.

Трамптан Украинага жаңы курал сураганын, ага АКШ президенти "бул маселени карайбыз" деп жооп бергенин айтты. Бирок кандай курал жөнүндө сөз болгонун тактаган жок.

Зеленский менен жолугушуудан кийин Трамп Орусияны кату сындап, аны "кагаз аюу" деп атаган. Украинанын Орусия тартып алган бардык аймагын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин жарыялаган.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Кошмо Штаттардын президентинин сынына жооп кайтарган.

"Орусия жолборс эмес. Орусияны аюу десек көбүрөөк окшошот. Бирок кагаз аюу деген жок", — деген Песков Трамптын сөзүнүн артында баарынан мурда АКШнын бизнес кызыкчылыгы, негизинен мунай менен газды көбүрөөк сатууга умтулуу турат деген. Америка президентинин айткандарына Зеленский менен жолугушуусу да таасир эткен болушу ыктымалдыгын жоромолдогон.

Шерине

XS
SM
MD
LG