Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:45

"Өзүмчүл геосаясатты коюп, согуштарды токтотолу". Садыр Жапаров БУУда кайрылуу жасады


Садыр Жапаров БУУнун трибунасында. 23-сентябрь, 2025-жыл.
Садыр Жапаров БУУнун трибунасында. 23-сентябрь, 2025-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согушка, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга, Ооганстандагы абалга жана башка өлкөлөрдөгү жаңжалдарга басым жасап, аларды токтотууга чакырды. Бул окуялардын кесепетин бардык өлкөлөр тартып жатканын белгилеген Жапаров Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандагы ишканалар санкцияларга туш болгонун мисал тартты.

Жапаров президент катары ушуну менен төртүнчү ирет БУУнун башкы трибунасынан билдирүү жасады. Бул жолку билдирүүсү коомчулукта түрдүү реакция жаратты.

Украинадагы согуш жана санкциялар

Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында АКШ убактысы боюнча 23-сентябрда, Бишкек убактысы боюнча 24-сентябрга караган түнү сөз сүйлөдү. Ал уюмдун 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, бул убакыт ичинде көптөгөн чыр-чатак, жаңжалдарга карабастан дүйнө үчүнчү дүйнөлүк согушка дуушар болбогонун, аны болтурбоодо БУУнун орду чоң болгонун белгиледи.

Кыргыз президенти ошентсе да түрдүү формадагы тирештер, соода согуштары, дүйнөлүк саясаттагы бөлүнүүчүлүк тенденциялары уланып жатканын, дүйнөнүн ар бир булуң-бурчунда — Европада, Жакынкы Чыгышта, Африкада, Азияда жаңы куралдуу кагылышуулар жана согуштар тутанып жатканын айтты.

“Миллиондогон адамдар үй-жайынан ажырап, өз жерин, өлөң төшөгүн таштап кетүүгө аргасыз болууда, миллиондогон адамдар курман болууда. Жапа чеккен адамдар кимдер? Негизинен карапайым эл! Биз көптөгөн элдердин: Палестинанын, Украинанын, Судандын, Сириянын жана башкалардын азап чегип жатканына көз жумуп коё албайбыз, ал жерлерде согуштук аракеттер уланып, карапайым адамдар кырылып, адам укуктары бузулууда. Дүйнө коомчулугу өзүнүн өзүмчүл геосаясий кызыкчылыктарына таянып, аталган чыр-чатактарга “мунусу көбүрөөк, ал эми тигиниси азыраак маанилүү” деген принцип менен мамиле кылып, кош стандарттуу ыкманы колдонууда. Украинада дээрлик төрт жылдан бери жаңжал уланып, адамдар өлүп, жарандары өлкөдөн качып чыгууда. Биз АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган аракеттерин жана чечимдерин колдойбуз. Биз буга кызыкдарбыз! Анткени орус-украин жаңжалынан улам биз дагы жапа чегип жатабыз. Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизүүдө”, – деди Садыр Жапаров.

БУУнун Башкы ассамблеясынын Жалпы дебаттары. 23-сентябрь, 2025-жыл.
БУУнун Башкы ассамблеясынын Жалпы дебаттары. 23-сентябрь, 2025-жыл.

Украинадагы согуш 2022-жылы башталган. Орусия бул өлкөнү денацификациялоо жана демилитаризациялоо шылтоосу менен басып кирген. Андан бери Москва койгон айыптоолордун мазмуну улам өзгөрүп келет. Эл аралык коомчулуктун, анын ичинде бир нече өлкө лидерлеринин ортомчулугуна карабай согуш токтобой келатат. Акыркы ирет АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин аракеттери жемишин берген жок.

Кыргызстандын лидери бул согуштун фонунда башка өлкөлөргө салынып жаткан санкцияларды негизсиз деп атап, аны ички ишке кийлигишүү, басым деп баалады. Ал дүйнөнүн көп өлкөлөрү Орусия менен кызматташып жатканын эске салып, Кыргызстандын эки банкына салынган санкцияны алууну талап кылды.

Газадагы кырдаал

Садыр Жапаров өз сөзүндө Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Газадагы кырдаалга токтолду. Ал Газадагы аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан палестин элине тилектеш болуш керектигин жана ага кайдыгер кароого болбосун билдирди.

“Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту тарабынан эл аралык соттук иликтөөнүн башталышын талап кылабыз. Менин өлкөм ар дайым зордук-зомбулуктун жана терроризмдин бардык көрүнүштөрүн кескин айыптайт, анын ичинде 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге террорчулардын кол салууларын да айыптайбыз. Андай террорчуларды катуу жазалоо керек. Бирок терроризмге каршы күрөшүүнүн, террорчуларды жок кылуунун өз ыкмалары, жол-жосуну бар”, – деп билдирди.

БУУнун Башкы ассамблеясынын Жалпы дебаттары. 23-сентябрь, 2025-жыл.
БУУнун Башкы ассамблеясынын Жалпы дебаттары. 23-сентябрь, 2025-жыл.

Жапаров террорчулардын айынан миллиондогон жөнөкөй жарандар, жаш балдар кырылбашы керектигин кошумчалады.

Кыргыз президенти Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу үчүн “Эки эл үчүн – эки мамлекет” принцибин ишке ашырып, Палестина 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керектигин билдирди.

Мындан эки жыл мурун, 7-октябрда АКШда жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган ХАМАСтын согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20 чакты киши тирүү деп болжолдонууда.

Ошондон бери Израил Газа тилкесине чабуул жасап келет. Тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси согуш башталгандан бери 65 миңден ашуун палестиналык каза тапканын жарыялаган.

Ооганстандагы абал

Садыр Жапаров президент катары Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында төртүнчү ирет билдирүү жасады. Ал буга чейин үч жолу “кулакка жагымдуу, жакшынакай сөздөрдү сүйлөгөнүн”, бул жолу БУУдагы сөзүндө дипломат катары сыпаа билдирүүлөр менен чектелбей, “дүйнөдө болуп жаткан эл аралык окуяларга өзүнүн чыныгы ой-пикирин, ой толгоосун билдирген жөнөкөй адам, өз мамлекетинин жөнөкөй жараны катары” айткысы келгенин билдирди.

Мамлекет башчы Кыргызстан азыркы оор шарттарда ооган элине ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, Ооганстандын экономикасын аймактык жана дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо маанилүү деп эсептей турганын кеп кылды.

“Ооганстанды эл аралык изоляцияга алуу, аны чет элдик жардамсыз калтыруу туура эмес. Бул адилетсиздик. Геосаясий-идеологиялык максаттарды көздөп, каржылык инструменттерди колдонуу аркылуу гуманитардык кризисти курчутууну адилетсиздик жана адамгерчиликсиздик деп эсептейбиз. Ошондуктан биз Батыш өлкөлөрү тоңдурган Ооганстандын активдери, 9 миллиард АКШ долларынан ашык акча каражаты мүмкүн болушунча тез арада мыйзамдуу ээсине – ооган элине кайтарылышы керек деп эсептейбиз”, – деди ал.

БУУнун Башкы ассамблеясынын Жалпы дебаттары. 23-сентябрь, 2025-жыл.
БУУнун Башкы ассамблеясынын Жалпы дебаттары. 23-сентябрь, 2025-жыл.

Жапаров эгер ал каражаттар Ооганстанга кайтарылса кыйынчылыкта турган өлкөнүн инфратүзүмүн калыбына келтирүүгө, жергиликтүү банктар аркылуу жарандарга жеткиликтүү насыя берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана жакырчылыкта жашаган миллиондогон адамдарга жаңы мүмкүнчүлүк түзүүгө жардам берерине токтолду:

“Силер бул каражаттарды ушул тапта өзүңөр колдонуп, пайда көрүп жатасыңар. Бул сиздер үчүн уят. Ушул эле Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, 2025-жылы Ооганстанда 15 миллион адам ачкачылыкка дуушар болсо, 24 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж болуп турат. Баарыбызга маалым болгондой, сентябрь айынын алгачкы күндөрүндөгү жер титирөөдөн улам 2 миңден ашуун ооган боордошубуз каза тапты. Тилекке каршы, акча каражатынын жетишсиздигинен жана инфраструктуранын начарлыгынан улам жабыркагандарга өз убагында жардам көрсөтүүгө мүмкүн болгон жок. Биз Батыш өлкөлөрүнүн лидерлерин ооган элинин келечеги үчүн бул активдерди тез арада кайтарып берүүгө чакырабыз”, – деди Кыргызстандын президенти.

‏Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган.

Орусия баштаган айрым өлкөлөр "Талибандын" лидерлери менен сүйлөшүп, кызматташа баштаганы менен расмий дээрлик эч ким тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Кош стандарт жана “кичинекей мамлекеттердин үнү”

Садыр Жапаров өз кайрылуусунда Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөдөгу ынтымакты сактоодогу ролуна кайрадан кайрылып, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга адекваттуу эл аралык жаңы механизмдерди түзүү үчүн, мекеме өзгөрүүлөргө жана реформага муктаж экенин кошумчалады.

Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин тагдырын иш жүзүндө чечип жатышканын, бирок 60тан ашык мүчө-мамлекет, алардын ичинде Кыргызстан да эч качан ал кеңешке шайланбаганын адилетсиздик катары сыпаттады. Ал кийинки жылдын июнь айында уюмдун Коопсуздук кеңешине Кыргызстан да талапкерлигин коё турганын белгилеп, башка өлкөлөрдү колдоп коюусун өтүндү.

Президенттин администрациясынын мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы постунда Жапаровдун БУУнун бийик трибунасында глобалдык кош стандарт жөнүндө айтканын кубаттап, Кыргызстанда да ошого окшош саясат болуп калып жатканын кыйытты:

“Башкы лейтмотив – айтылган сөз менен иштин дал келүүсү деген талап болуптур. Абдан туура. Анткени эл аралык мамиледе деле ырааттуулук жоголуп, бүгүн бирди айтып, эртең башканы жасоонун эрен-төрөнү жок болуп калды да. Мамлекет аралык иштерде ким күчтүү, ким кубаттуу болсо ошонун сөзү сөз, кылганы эп дегендей жакка ооп бара жатканын көрүп турбайлыбы. БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болууга дымагыбыз чоң экенин айтып, жүйө келтиргени дагы абдан туура. Буюрса ушул жолу мүчө болуп калабыз деп тилек кылып туралы. Президенттин сөзүн окуп отуруп бир ой кетти: Эми чынында эле өз ичибизде дагы айтылган сөз менен жасалып жаткан иштердин ажырымсыз бир экендигин көрсөтүп, "мамлекеттик төңкөрүш" деген акылга сыйбай турган айып менен сот жообуна тартылган жана тартылганы жаткан Канышай Мамыркулова, Аскат Жетиген, Рита Карасартова, Олжобай Шакир өңдүү жигердүү мекенчил инсандарды бошотуп, айыптарды алып салса куп жарашып калат эле... Иштин көп жери төп келип, ушул жагы аксап турат, чынын айтканда”.

Кыргызстандын президенти сөзүндө Борбор Азияда – Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек араларынын тактоого чекит коюлганын эл аралык мамилелердеги жакшы жышана катары атай өттү. Климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу жөнүндө айтып жатып Жапаров Кыргызстан бул жаатта 2027-жылга пландаштырылган Бишкек+25 Экинчи саммитин даярдап жатканын маалымдады.

Саясат таануучу Асел Өмүракунова Кыргызстандын лидеринин дүйнөдөгү кош стандартуулук, БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоо, климат жана майда өлкөлөрдүн тилектештиги маселелерине басым жасаганын анын кебиндеги башкы маңыз катары баалады:

“Садыр Жапаровдун бул жолку сүйлөгөнүн акыркы жылдардагы Кыргызстандын эл аралык аренадагы эң күчтүү сөздөрүнүн бири деп атоого болот. Бул глобалдык маселелерди чечүүгө тең укуктуу катышууну талап кылган “кичинекей мамлекеттердин үнү” десек болот. Кыргыз Республикасы биринчи жолу жөн гана күн тартибин карманып эле чектелип калбай, адилеттүүлүк, тынчтык жана туруктуу өнүгүү сыяктуу ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон баалуулуктарды алдыга жылдыруу менен күн тартибин өзү да түзүүгө даяр экенин ишенимдүү түрдө көрсөтө алды”.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG