Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:04

Трамп Европанын колдоосу менен Украина баштапкы аймагын өзүнө толук кайтара аларын билдирди


АКШнын жана Украинанын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленский Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушту. Жолугушуунун алдында Трамп Украина “[Орусиянын] чоң армиясын токтотуу боюнча эң сонун ишти аткарып жатканын” белгиледи.

Орусиянын учактары жана дрондору НАТОнун аба мейкиндигин бузган учурда Европа атып түшүрүшү керекпи деген суроого Трамп оң жооп берди.

Ал ошондой эле Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алуудан баш тартышы мүмкүн экенин айтты.

Ошондой эле АКШнын президенти Орусиянын экономикасы абдан начар абалда экенин кошумчалады.

Зеленский өткөн айда Украинанын 360 чарчы километр аймагы бошотулганын жана Украина армиясы орусиялык миң аскерди курчоого алганын, натыйжада туткундагы украиналыктарды алмашууну көздөп жатканын билдирди. Украин президенти Орусияга каршы санкцияларды жана басымды күчөтүүгө чакырып: "Биз Европа өлкөлөрүнүн орусиялык мунай менен газды сатып алууну токтотуу тууралуу идеяңызды толугу менен колдойбуз", - деди.

Зеленский бул маселени буга чейин Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо менен талкуулаганын билдирди.

"Аларга белгилүү бир альтернативдүү жол керек, ошондо гана алар бул идеяны колдошот", - деди украин президенти.

Зеленский менен жолуккандан кийин Трамп Truth Social социалдык тармагына "Европа биримдигинин колдоосу менен Украина баштапкы аймагын толугу менен өзүнө кайтара аларын", "андан дагы ары кетиши мүмкүн" экенин жазды.

"Путин менен Орусия чоң экономикалык кыйынчылыкка кабылды, азыр Украина аракет кылышы керек. Кандай болгон күндө да мен эки өлкөгө тең жакшылык каалайм. Биз НАТОго курал-жарак жеткирүүнү улантабыз, ошондуктан НАТО аларды өзү каалагандай пайдалана алат. Баарына ийгилик!" - деп жазды Трамп.

Дүйнө лидерлери БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко чогулду.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Бишкек убактысы боюнча 24-сентябрга караган түнү сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө дүйнөдөгү учурдагы абалга токтолуп, Украинада, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан согуштарды токтотуу, Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандагы айрым ишканаларга салынган санкцияларды алуу, Ооганстандагы учурдагы кырдаалды жакшыртуу үчүн буга чейин камакка алынган активдерин бошотуу, климаттык өзгөрүүлөргө бирге каршы туруу сыяктуу маселелерге көңүл бурду. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG