БУУнун Башкы ассамблеясына катышканы барган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жыйындан тышкаркы убакта АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушту.
Мурунку күнү Өзбекстан АКШдан 22 "Боинг" учагын сатып алуу тууралуу бардыгы 8 миллиард долларлык макулдашууга кол койгону жарыяланган.
Трамп соцмедиада жарыяланган постунда бул жаңылыкты жогору баалап, макулдашуулар "35 миңдей жаңы жумуш ордун түзүүгө жол ачарын" белгилеп, өзбек президентин "сөзүнө турган адам" деп мактады.
"Боинг" учактарын сатып алуудан тышкары Өзбекстан америкалык Traxys компаниясы менен сейрек кездешүүчү металлдарды иштетүү боюнча 1 миллиард долларлык келишимге кол койгону кабарланды.
АКШ президентинин администрациясынын кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси, Ташкентте төрөлгөн Сержио Гор Өзбекстан менен түзүлгөн келишимдерди "тарыхый чечимдер" деп баалап, эки өлкө ортосунда дагы бир катар биргелешкен долбоорлор каралып жатканын кошумчалады.
Шерине