Кыргызстандын калкы жыл сайын жазында жүргөн селден чоң чыгым тартып, адам өмүрү кыйылган учурлар катталган. Экологдордун айтымында, климаттын өзгөрүшү менен алдыдагы жылдары табият кырсыктары көбөйүшү мүмкүн. Аларды алдын алуу үчүн заманбап ыкмаларды жана технологияларды колдонуу, Борбор Азия өлкөлөрү биргеликте кызматташуу керектигин айтышат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун эки районунда сел жүргөн. Аксы районундагы Кара-Камыш айыл аймагында жүргөн сел Кербен–Кара-Жыгач–Кызыл-Көл унаа жолунун болжол менен 50 метр аралыгын каптаган.
Чалдыбар айылынын башчысы Нурлан Токтомушев жол тазаланып, ачылганын билдирди.
“Үйлөрдү каптаган жок. Жылда эле жүрөт. Жолду тазалап койдук. Сай менен өтүп, жолду каптап калат. Сайдын баш жагы бош шагыл, жамгыр төккөн сел жүрүп кетет. Азыр жол ачык, ӨКМ келгенче эле бирөөгө майын куюп берип тазалаттык”.
Ал эми Ала-Бука районунун Ак-Тайлак айылында сел катуу жүргөн. Социалдык медиада тараган видеолордон эки машине агып баратканын көрүүгө болот.
Жети миңден ашуун эл жаштаган айылдын башчысы Залкар Жанболотов азыр тазалоо иштери жүрүп жатканын айтты. Анын белгилешинче, сел жүрөрдүн астында ӨКМ кызматкерлери айылга келүүгө үлгүргөн.
“Машиненин бири бир километрдей аккан, бирөө беш метрдей агып туруп калган экен. Экөөнү тең чыгарып ээсине бердик. Сел айыл өкмөттүн балансындагы бир көпүрөнү, эл өзү салган эки көпүрөнү алып кетти. Эки короону суу каптап, эки гектар жердеги эгинди, элдин чарбактагы көчөттөрүн жууп кетти. Айылда 2300 түтүн бар, 7800 калк жашайт. Азыр ички каттамдагы жолду тазалап жатабыз. Мындай сел буга чейин жүрө элек болчу”.
Сел жүргөн Ак-Тайлак айылы Өзбекстандын Чуст районуна жакын жайгашкан. Айыл тургундары сел коңшу мамлекетти карай акканын айтышууда. Ал жакта кандай кесепеттерге алып келгени азырынча белгисиз.
Кырсыктан сактаган илимдин күчү
Өткөн жуманын соңунда Бишкек шаарында ӨКМдин "Климаттын туруктуулугу жана табигый кырсыктарды алдын алуу" аттуу илимий жыйыны өттү.
БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын көмөгү менен уюштурулган жыйынга жүздөй мамлекеттен илимпоз, адистер келген.
Алардын бири, Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун кызматкери Эркин Исаев кырсыкты алдын алууда заманбап ыкмалар, санарип технологиялар чоң роль ойной турганын белгиледи.
"IPCC уюмунун 2023-жылдагы отчетуна таянсак, Борбор Азиядагы абанын температурасы көтөрүлүп жатат. Сезондук алмашуу жүрүп, жаздын келиши 1-1,5 айга алдыга жылган. Жаз эрте келгенде күн тез ысып, табигый кырсыктар болуп жатат. Мөңгүлөр эрип, опурталдуу кырдаал түзүлүүдө. Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун отчету боюнча БУУнун "Бардыгына эскертүү системасы" деген долбоор бар. Ага ылайык, 2027-жылга чейин өлкөлөр ошол система менен камсыз болушу керек. Азыркы учурда "Кыргызгидрометти" модернизациялоо боюнча да аракеттерди кылып жатабыз. Акыркы он жылды алсак, бул кызматтын прогноздору жакшырып, маалыматты так берип калды".
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев өткөн жылы мониторингдин жардамы менен 400дөн ашуун адамдын өмүрүн сактап калышканын айтты:
“Тоң районундагы Зындан көлү жырыларын бир-эки жума мурда билип, 490 адамды эвакуация кылууга үлгүргөнбүз. Ага чейин БУУнун Өнүктүрүү программасы, Айыл чарба жана тамак-аш уюмунун колдоосу менен бийик тоолуу жердеги көлдөргө байкоо салуу системасы иштелип чыккан эле. Андан тышкары сел жана суу ташкындардын Атласын иштеп чыктык. Анын жардамы менен кайсы жерде, кайсы калктуу конуштарда сел жүрө турганына чейин билсе болот.
Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жер көчкү жүрө турган 46 аймакта атайын иш-чаралар аткарыла турган болду. Анын ичинен 26 жерде тектирлеген критикалык массаны алып салуу иштери жүрүп жатат. Калган 20сына мониторинг системасын, сенсордук шаймандарды орноттук. Жер көчкү жыла турган болсо өз убагында маалымат берет. Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын колдоосу менен шаймандарды алганбыз. Азыркы учурда дрондор менен изилдөө иштерин аткарып жатабыз”.
Жайыт какыраса сел жүрөт
Былтыр Кыргызстанда 300дөй сел жүрүп, 20дан ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Адистер аба температурасы көтөрүлгөн сайын селдин саны да көбөйө турганын эскертишет.
ӨКМге караштуу Кырсыктардын кесепетин азайтуу улуттук платформасы катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев табиятка мамилени өзгөртүүгө мезгил жетти дейт.
“Илгери кыргыздар жайыттарды которуштурууга зор маани беришчү. Жайкысын жайлоого, кышкысын кыштоого чыгууга, табиятка зыян келтирбегенге аракет кылышчу. Азыр адам өзү сел жүрүшүнө себепчи болуп атат. Айрым жайыттарда дарак, чөп калбай калганда суу сиңбей калат. Кичине жамгыр жаап, жантайыш жер болсо эле сел жүрөт. Дарак тигип, үйдүн тегерегине арык казып, малды которуштуруп жайыш керек. Биз тоолуу аймакта турабыз. Бизде сел кырсыктары болгон, бар, дагы болот. Жер көчкүлөр дагы ошондой. Бирок биз айылдарды, жолдорду, электр линиясын куруп жатканда ошонун баарын эске алышыбыз керек. Мурдагы жылы эле суу аз болот, бирок сел көп болот деп айтылган. Ошондой учурда адам аба ырайы бузулары айтылганда көңүлгө түйүп, жолго чыкпай же эс алуучу жайларга барбай турганы оң. Бизнес ээлеринин да суу жээгине объект курганы туура эмес. Кырсыктарды алдын алууга бардык мамлекеттик түзүмдөр, жарандык коомчулук да көмөктөшүүгө тийиш".
Борбор Азия кызматташуусу керекпи?
2020-жылы Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычы жарылганда коңшу Казакстандын калктуу конуштарын суу каптаганы маалым.
Адистер мындай окуялардын алдын алуу үчүн Борбор Азияга чогуу-чаран аракет кылууну, маалымат алмашууда заманбап технологияларды, жасалма интеллектин мүмкүнчүлүгүн колдонууну сунушташууда.
Алматы шаарында жайгашкан Табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу боюнча өзгөчө кырдаалдар борборунун жетекчисинин орун басары Жергалбек Укашев климат өзгөрүп жаткан шартта кызматташуу маанилүү дейт.
"Биздин институт чөлкөм боюнча иш алып барат. Бир четинен мамлекеттик уюмбуз, экинчи четинен эл аралык принцип менен иштейбиз. Биздин максатыбыз - эл аралык байланышты бекемдөө. Мамлекет аралык көп келишимдер бар, алар кагазда гана калбашы керек. Кырсыктарды алдын алуу үчүн беш мамлекеттин өкүлдөрү чогулуп, жыйын куруп турабыз. Бир мамлекеттен экинчи мамлекетке таасири тийчү кырсыктарды алдын алууну, жоюуну сунуштайбыз. Дүйнө жүзүндө болгон жакшы тажрыйба, ыкмалардын кайсынысын биздин мамлекеттерге адаптация кылса болорун караштырабыз. Мисалы, жер титирөө боюнча ар бир мамлекеттин өзүнүн байкоочу жабдыктары бар. Бирок жер силкингенде ал башка жактарга да сезилип жатпайбы. Ошон үчүн биз регионалдык алдын алуу системасын интеграциялоого аракет кылып жатабыз. Мисалы, жер титирей турганы билинсе, экинчи өлкөгө эртерээк кабар бериш керек дегендей. Ошондо алар газды өчүргөнгө, метрону токтотконго ж.б. жетишип, оор кесепеттердин алдын алат".
Окумуштуулар учурда мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатканы суу ташкындарына, селдин бат-бат жүрүшүнө себеп болуп жатканын белгилешет.
Алардын айтымында, мөңгүлөрдүн тез эрип жатышы келечекте дагы бир көйгөйгө - Борбор Азиядагы суу тартыштыгына алып келет.
Тоо бирликтерин изилдөө институтунун илимий кызматкери Санжар Садыров чөлкөм үчүн маанилүү Нарын дарыясы акыркы жылдары тартылып баратканын айтууда.
"Абанын температурасы көтөрүлгөн сайын келечекте сезондуулук алмашып мөңгүлөр жайында эмес, жазында көбүрөөк эрий башташты мүмкүн. Акыркы элүү жылда мөңгүлөрдүн аянты жалпы 15-20% кыскарды. Азыр проекция түзүп, изилдеп жатабыз. Нарын дарыясы Ак-Шыйрак тоо массивиндеги мөңгүлөрдөн агып түшөт. Биздин изилдөө боюнча дарыядагы суу алдыдагы жылдары 16-20% тартылышы ыктымал. Бул эми бир гана изилдөө".
Быйыл март айында жарыяланган БУУнун Айлана-чөйрө программасынын Атласында Кыргызстанда 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөнү көрсөтүлгөн.
Атласта белгиленгендей, абанын температурасынын көтөрүлүшү менен табигый кырсыктардын да саны көбөйгөн. Өлкөдө орто эсеп менен 200 өзгөчө кырдаал катталса, анын 90% суу ташкыны, жер титирөө, жер жана кар көчкүлөрү.
Шерине