Орусиялык ашынган оңчулдардын “Царьград” Телеграм каналы Курманбекова Кыргызстанга келгенде жыйындарда Орусияда “кыргыздардын кордук көргөнү” тууралуу маселелерди көтөрүп жүргөнүн, орус бийлиги анын паспортун алып коюп, беш жылга Орусияга кирүүгө тыюу салганын кошумчалаган.
Ушундай өңүттөгү маалыматтарды Орусияда дагы бир катар жергиликтүү басылмалар менен социалдык медиалар активдүү жайылтууда.
Маалыматка тиркелген видеодо кызмат адамы каршысында отурган бирөөгө (жүзү бекитилген) Орусиянын жарандыгынан ажыратылгандыгы тууралуу кабарды айтып жатат:
“Орусия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Камчатка крайы боюнча башкармалыгынын 17-апрелдеги чечими менен... (сөздөр так эмес). “Орусия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө” федералдык мыйзамдын 22-беренесинин 2-пунктунун “б” пунктчасына байланыштуу сиздин паспортуңуз жараксыз жана алып коюуга жатат. Сиз бул чечимге каршы үч айдын ичинде даттанганга укугуңуз бар. Ошондой эле сизге 2030-жылдын 17-апрелине чейин Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат бербөө чечими чыккандыгын кабарлайбыз. Мындан улам сиз Орусиянын аймагынан чыгып кетишиңиз керек”.
Орусиянын “Жарандык жөнүндө” мыйзамынын 22-беренеси “Орусия Федерациясынын жарандыгын токтотуунун негиздери жана тартиби” деп аталат. Мыйзамдын 2-пунктунда “Орусия Федерациясынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо милдеттемелери боюнча алдын ала жалган маалыматтарды берүү” деп жазылган. Анын “б” пунктчасында болсо мунун бир көрүнүшү “Орусия Федерациясынын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган иш-аракеттерди жасоо” экени белгиленген.
Нура Курманбекова өзү орус жарандыгынан ажыратылганына байланыштуу расмий комментарий бере элек.
1-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Нура Курманбекованын (министрлик анын аты-жөнүн Н.К. деген жазуу менен берди) орус жарандыгынан ажыратылышы жана депортациялануу ыктымалдыгы боюнча мындай маалымат таркатты:
“Н.К. 2020-жылы Орусия Федерациясынын жарандыгын алып, Петропавловск-Камчатский шаарындагы “Мекендештер” аттуу кыргыздардын улуттук-маданий автономиясынын жетекчиси болуп иштеп келген. 2025-жылдын апрель айында Камчатка крайынын укук коргоо органдары тарабынан Н.К. карата Орусия Федерациясынын жарандыгын жокко чыгаруу, өлкөгө кирүүгө тыюу салуу жана орус паспортун алып коюу боюнча чечимдер кабыл алынган. Н.К. бул чечимдерге макул болбой, 2025-жылдын 30-апрелинде аларды мыйзамсыз деп таануу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша акыркы чечим кабыл алынат”.
Курманбекова 2023-2024-жылдары Бишкектеги эки жолку элдик курултайга катышып, мигранттарга байланыштуу сөз сүйлөгөн. 2023-жылдагы курултайдагы сөзүндө мигранттар Орусияда укуктук жардамга муктаж болуп жатышканын айткан:
“Азыркы учурда сиздер каалайсыздарбы, каалабайсыздарбы, биздин мекендештерибиз Ата Мекендик согушка кеткендей эле миграция жолуна кетип жатышат. Ошондуктан биз азыркы учурда алардын коопсуздугун, кайта мекенибизге кайтарып келүү программаларын биргеликте иштешибиз керек. Мекенибизде миграцияга аттанып жаткандарды алдын ала даярдоо муктаждыгы жарылып жатат. Мекендештерибиз Орусияга келгенде ар кандай шылуундарга алданып, Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин баңгизат, чек арадан мыйзамсыз өтүү, жалган каттоо деген беренелеринин негизинде эркиндигинен ажыратылууда. Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында Орусияда социалдык багыттагы укуктук кеңеш берген коомдук уюмдар менен Кыргызстандын министрликтери, жергиликтүү бийликтер биргеликте мекендештерибизди социалдык жана укук таануу боюнча тыгыз иш алып барууну сунуштайбыз”.
Ал курултайдагы сөзүндө мигранттардын укуктарын жана шарттарын жакшыртуу боюнча кыргыз бийлигине мындан башка дагы бир нече сунуштарды берген.
2024-жылдагы курултайга катышып жатып “миграцияда бардыгыңыздардын балдарыңыздар, бир тууганыңыздар, неберелериңиздер бар” деген ал мигранттардын медициналык камсыздандыруу маселесин көтөргөн:
“Орусияда жашап-эмгектенген бардык мекендештерибиздин балдары милдеттүү медициналык камсыздандыруу эл аралык келишимдин 98-беренесинде көрсөтүлгөн, бирок ал берилбей жатат. Балдарга милдеттүү медициналык камсыздандыруунун берилүүсүн толук ишке ашырып берүүңүздөрдү сизден суранабыз. Чет өлкөгө чыгып жаткен мекендештердин жашоосун милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алып берүүңүздөрдү өтүнөбүз”.
Мигранттар тушуккан катаал мамиле
Орусиянын тергөө комитетинин маалыматтары дагы мигранттарга козголгон кылмыш иштери көбөйгөнүн көрсөтөт. Маселен, 2024-жылы тергөөчүлөр ар кандай инстанцияларга үч миңдей ишти өткөрүп беришкен. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 20% көп. Ал эми Ички иштер министрлиги мигранттар арасында олуттуу кылмыштарга баргандардын саны боюнча өзгөрүү жок экенин белгилеген.
Мигранттарга талаптар Украинада согуш башталгандан кийин жана “Крокустагы” окуядан соң күчөгөн. Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат. Анын ичинде иш орундарында, кафе-ресторандарда, эс алуучу жайларда, мечиттерде мигранттарды текшерүү күчөгөн.
20-майда Санкт-Петербургдагы эл аралык юридикалык форумда Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус жарандыгын алган 20 миңдей мигрантты "тутуп алып" Украинадагы согушка жөнөтүшкөнүн билдирди.
Якутиядагы кыргыз диаспораларынын биринин өкүлү (коопсуздук үчүн атын атабайбыз) Орусиянын бийлигине жакшы мамиле кылбай, өзүңдүн укугуңду айта берсең, жолун таап жок кылганга аракет кыларын айтат. Нура Курманбекованын жагдайын ошондой учурлардын бири болсо керек деп болжойт:
“Жакында жергиликтүү бийликтеринин өкүлдөрү чогулуш кылып, “ар бир коом согушка 10дон адам бергиле” деген экен, “бардык суроолорду консулга бергиле, биз мындай маселелер менен алектенбейбиз” деп айттык. Андай сөздү деле катуу, расмий формада айта албайсың, жатык тил менен ары-бери жайкап түшүндүргөнгө аракет кылабыз. “Диаспоралык коом” деген коомдук уюм, биз кандайдыр бир майрамдарга катышып, каада-салтыбызды жайылтабыз, ишембиликтерди өткөрүп же жетим балдар үйүнө кайрымдуулук жасашыбыз мүмкүн. Андан аша албайбыз да”.
Орус бийлигинин диаспораларды тизгиндөө аракети
Нура Курманбекова мигранттардын укуктарын коргоодо Кыргызстандын бийлиги жана миграциялык уюмдары менен тыгыз иштешип келген. Жергиликтүү медиаларга курган бир маегинде өзүн Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграциялык кеңештин коомдук өкүлү жана Акыйкатчы институтунун Орусиянын Камчатка крайындагы өкүлү катары да тааныштырган.
Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция кеңешинин катчысы Улан Ногойбаев Нура Курманбекова 2021-2022-жылдары алар менен тыгыз кызматташып, Камчаткадагы өкүл катары иштегенин билдирди. Кийин дагы мекендештер коомунун жетекчиси катары кеңеш менен алакада болуп келген:
“Нура Курманбекова мигранттардын укуктарын активдүү коргогон мекендешибиз. Чындыкты ачык айткан, мекендештерге көп жардам берген, алардын жашоосуна активдүү катышкан инсан. Учурда анын айланасындагы окуялардын чоо-жайы тууралуу бизде да так маалымат жок болуп жатат. Мигранттардын тегерегиндеги чындыкты көбүрөөк айтканы үчүн ушундай окуя болуп кетти окшойт. Мигранттардын укуктарын коргогон киши сын-пикир айтат да. Укукту коргогон киши сын-пикир айтпай коймок беле? Бизди бул окуя абдан кабатыр кылып, иштин чоо-жайын түшүнгөнгө аракет кылып жатабыз”.
Эксперттер Курманбекованын окуясы Орусиядагы ашынган оңчул күчтөрдүн таасири Кыргызстанда да жайылып баратканынан кабар берерин айтышат.
Мигранттар менен тыгыз иштешкен юрист Мирлан Токтобеков Орусияда соңку кездери чет өлкөлүк жарандардын диаспоралары боюнча маселе кайра-кайра козголуп, Мамдума диаспоралык коомдук уюмдарды экстремисттик топтордун катарына киргизүү демилгесин да көтөрүп келатканын айтат:
“Ошондон кийин диаспора жетекчилиги жана аларда иштеп жүргөн адамдар дагы абдан кооптуу абалга кабылып жатышат. Эми кээ бир диаспора жетекчилигинин алдында эки гана жол турат – өздөрүнүн ишмердигин мындан ары дагы жүргүзө бериши керек же Орусия бийлиги менен кызматташып, ошолордун айтканын кылып, чыгарып жаткан катаал мыйзамдарын мекендештерине айтып-жеткирип, жаман көрүнүшү керек. Буга чейин Борбор Азиядан Тажикстан менен Өзбекстандын диаспора жетекчилерине дагы ушундай басым-кысым болуп, кээ бирлери Орусияда соттолуп кеткендиги тууралуу дагы маалыматтарыбыз бар. Демек, кезек кыргыз диаспорасына келди десек дагы жаңылышпайбыз”, - дейт Токтобеков.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.
Шерине