Испания менен Португалиянын бир катар аймактары электр жарыксыз калды.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, 28-апрель күнү түштөн кийин Португалиянын көпчүлүк аймактарында жол чырактары иштебей калды, Лиссабон менен Порту шаарларында метролор жабылды, поезддер токтоду.
Мадрид шаарынын мэри шаардыктарды өзгөчө зарылчылык жаралбаса куткаруу кызматтарына кайрылбоого чакырды. Испаниянын электр тармактарын көзөмөлдөгөн Red Electrica компаниясы өлкө боюнча электр жарыгы өчкөнүн ырастап, азыр аны калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатканын жана өчүүнүн себептерин иликтеп жатканын билдирди.
"Бардык ресурстар бул көйгөйдү чечүүгө багытталды", — деп жазды компания X социалдык тармагындагы баракчасында.
Лиссабондо электр жарыгы өчкөндүктөн банк карталар менен төлөм жүргүзүү мүмкүн болбой калды. Банкоматтардын алдында узун кезектер пайда болду.
Португалиянын энергетикалык компаниясы REN электр жарыгынын өчүшүн "Испаниянын электр тармагындагы алишемдиктер" менен түшүндүрдү.
RENдин маалыматына караганда, Испаниянын борбордук бөлүгүндө абанын температурасынын кескин өзгөрүшүнөн улам өтө жогорку чыңалуудагы (400 кВ) электр зымдарында өзгөчө термелүүлөр пайда болгон.
Азырынча Испания бул маалымат боюнча расмий комментарий бере элек.
Мадридде өтүп жаткан Madrid Open теннис турнири да электр жарыгы жоктугунан убактылуу токтотулду.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Испания менен Португалиядан кийин Франциянын айрым бөлүктөрүндө да убактылуу электр жарыгы өчтү.
Шерине