Өзгөчө “телеканалдын алып баруучуларынын сарказмы, мимикасы бийликке болгон ишенимди жоготот” деген бүтүмү кызуу талкууланып жатат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары түптөгөн телеканал жамааты бул аракетти сөз эркиндигине кысым катары баалоодо.
"Сарказм, видео коллаж бийликтин кадыр-баркына доо кетирет"
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Апрель-ТВ” каналынын “Не жаңылыктар” берүүсү терс маанайдагы жаңылыктарды камтып, бийликтин кадыр-баркына доо кетирет деп эсептейт.
Прокуратура атайын кызматтан келип түшкөн материалдарды негиз кылып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кайрылган. Аталган доо арызда “Апрель” телеканалынын Ютуб, Фейсбук, Телеграм, Инстаграмдагы ишмердигин токтотуп, лицензиясын жокко чыгаруу өтүнүчү келтирилген.
Ал эми Республикалык психиатрия жана наркология борборунун экспертизасы мындай чечим чыгарган:
"Апрель-ТВнын” алып баруучуларынын сарказм, шылдың менен коштолгон мимикасы, видео коллажы ал берүүлөрдү көргөн адамдарга Кыргызстандын бийлигин жаман көрсөтүп, бийликке ишенимсиздикти, шек саноону күчөтүп, кадыр-баркына доо кетирет”, - деп жазылган прокуратуранын доо арызында.
Прокуратуранын доо арызында сөз болгон "Не жаңылык" берүүсү "Апрель" телеканалынын негизги өнүмү. Аталган берүүнүн форматы башка телеканалдардагы салттуу видео жаңылыктарга эч коошпойт.
Анда Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар чагылдырылып, көп учурда сөз болуп жаткан темага ылайыкташтырылып кайсы бир фильмден үзүндү келтирилет. Прокуратуранын видео коллаж жөнүндө сөз кылып жатканы ушундан болсо керек.
Прокуратуранын доо арызында 2019-жылы Биринчи май райондук соту “Апрель” телеканалынын мүлкүн камакка алганы, ага карабай ишмердиги уланып жатканы да жазылган.
25-апрелде Октябрь райондук сотунда “Апрель” боюнча алгачкы соттук угуу өтүп, ага телеканалдын өкүлдөрү катышпай калганы айтылып жатат. Кийинки отурум 12-майга белгиленген. Телеканалдын директору Дмитрий Ложников 12-майдагы процесске адвокаттары катыша турганын билдирди.
“Прокуратуранын айтымында, дайындалган үч экспертиза тең окшош жыйынтык чыгарган. Алар “Апрель” бийлик тууралуу терс маанайдагы маалымат таратарын, бийликти сындай турганын, ушундай жол менен бийликтин кадыр-баркына доо кетирерин жазган. Ушунун баарын сарказм, шылдың коштогон мимика менен жасашат деген жыйынтыкка келишкен. Болгону ушул. Экспертиза мыйзамга каршы келген бир дагы далил көрсөтө алган эмес. Анда “Жалпыга маалымдоо каражаттары бийликти макташ гана керек” деген мыйзам кабыл алалы. Андай болбосо прокуратуранын логикасын кантип түшүнсө болот?”.
“Апрель” бир нече жылдан бери телеканал катары эмес, интернет медиа катары иштеп жаткан. Андыктан алардын Ютубдагы каналын, же болбосо социалдык тармактардагы баракчаларын жабуу дээрлик мүмкүн эмес. Кыргызстандагы тиешелүү мекемелердин колунда мындай мүмкүнчүлүк жок.
Кыргызстандын "Аракеттеги медиа" платформасы “Апрель” телеканалын жабууга негиз болуп жаткан жүйө кооптуу прецедент экенин, бийликти сындоо, тамаша-чыны аралаш сын айтуу кылмыш эмес экенин кошумчалады.
Ал эми “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсызданууда.
“Сарказм, кыйытып айтуу, же болбосо тамаша менен сын айтуу байыртадан келе жаткан нерсе. Аны эч качан кылмыш катары кабыл алганга болбойт. Анын үстүнө юмор аралашкан сын жумшак угулат. Ошон үчүн прокуратуранын жүйөсү биз үчүн да таңкалычтууёё. Негизи эле бүгүнкү күндө журналисттерге иштеш татаал болуп калды. Себеп дегенде буга чейин бир нече кылмыш иши козголду. Айрым редакциялар ишин токтотуп же кыскарып жатканын байкап жатабыз. Бул аябай кооптуу кейс деп эсептейм. Журналисттердин иштешине кошумча тоскоолдук жаратат деген божомолум бар”.
Дүйшөнбеков соңку жылдары маалымат каражаттарынын ишмердигин чектеген “Жалган маалыматтан коргоо” деп аталган мыйзам баш болгон бир нече мыйзамдар кабыл алынганын, бир нече журналист камалып, “Клооп”, сыяктуу медиалардын жабылганын эске салды.
Чынында эле “Апрелдикине” окшош жагдайга былтыр сот "Клооп Медиа" туш болгон.
Анда прокуратура Kloop порталын “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды жарыялаганы үчүн жабууну соттон суранып, аны сот канааттандырган. Учурда "Апрель ТВнын" жамааты дал ушундай тагдыр күтөбү деп тынчсызданып турат.
Атамбаев ачып, Жээнбеков жапкан Апрель"
"Апрель" телеканалын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2018-жылы түптөп, каржылап да келген. Телеканал ошол учурдагы ON1” (“Он бир”) каналынын базасында түзүлүп, кеңсеси Атамбаевге таандык Медиа форум имаратында жайгашкан.
Ошол тушта Атамбаев менен мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тиреши күчөп, "Апрель" эки тараптын маалыматтык согушунда чоң роль ойногон.
Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин “Апрель” каналынын мүлкү камакка алынып, алардын Медиа форум имаратындагы кеңсесине мөөр басылган. Ушул окуядан кийин "Апрелдин" кызматкерлеринин саны кыскарып, акырындап телеканал катары ишмердигин токтоткон. Ошондон бери “Апрель” берүүлөрүн Ютубдагы каналына, социалдык тармактагы баракчасына жарыялап келет.
“Апрелдин” директору Дмитрий Ложников учурда телеканалдын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге эч тиешеси жок экенин, 2022-жылдан тарта азыркы учурда өз алдынча иштеп жатканын айтууда. Ошол эле учурда "Апрель" Атамбаевге же анын айланасындагыларга тиешелүү саясий окуяларды дайыма чагылдырып турат.
Шерине