Ак үйдүн коммуникация боюнча директору Стивен Чунг эки лидер "жекече жолугуп, жемиштүү сүйлөшүү жүргүзгөнүн" билдирди.
Трамп менен Зеленский февралда Ак үйдө жолугуп, эл алдында кайым айтышкандан кийин эми кездешти. 25-апрелде Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кремлде жолугушкан.
Буга чейин Трамп согушту токтотуу жана тынчтык келишимине жетишүү үчүн жогорку деңгээлдеги Орусия - Украина саммитин өткөрүүгө чакырган.
Зеленский Ватикандагы тажыядан кийин "Биз талкуулаган нерселерден жыйынтык чыгарына үмүттөнөм. Адамдардын өмүрүн коргоо керек. Ок атууну талкуусуз жана толук токтотуу. Жаңы согушка жол бербеген ишенимдүү жана бекем тынчтык", - деп Х тармагына жазды. "Эгер биз бирге жыйынтыкка жете алсак, анда бул тарыхый мааниси бар, өтө бир символикалык жолугушуу болот".
Украин президенти Ватикандагы "жакшы маанайдагы жолугушуу" үчүн Трампка ыраазычылык билдирди.
Зеленскийдин маалымат катчысы Сергей Никифоров эки президент 15 мүнөт сүйлөшкөнүн айтып, ушул эле күнү алар дагы жолугарын билдирген. Бирок кийинчерек экөөнүн тең иши көп болгондуктан жолугушуу уланбай калганын жарыялады.
Буга чейин Трамп социалдык тармактагы постунда Украинадагы согушту токтотууга "аз калганын" билдирип, Зеленскийди "аны ишке ашырууга" үндөгөн. Согушту токтотууга жакынкы арада жетишилбесе Вашингтон Киев менен Москва ортосундагы сүйлөшүүдөн баш тартарын билдирген.
Трамп менен Зеленский Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен Ватиканда жолукту. Киев төрт лидердин жолугушуусу "жагымдуу өткөнүн" билдирди.
Өткөн аптада Трамп Киевге жана Москвага согушту токтотуунун "акыркы сунушун" берген. Америкалыктардын сунушун "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна иштин чоо-жайы менен тааныш европалык дипломат, анын мазмунун билген америкалык мурунку дипломат ырастаган.
Анда АКШ Крымды Орусиянын бөлүгү деп тааный турганы жана 2022-жылы Москва Украинага толук согуш ачкандан кийин ээлеп алган дээрлик бардык аймактардагы Кремлдин бийлигин бейрасмий таануу каралган.
Мындай сунуш Вашингтон менен Киевдин гана эмес, европалык өлкөлөрдүн каршылыгын жараткан. Алар тынчтык келишимине кол коюлса Орусияга салынган санкциялар канчалык тез арада жоюуларына, Украина кандай коопсуздук кепилдиктерин, каржылык кенемте аларына тынчсызданышкан.
Ватиканда жолукканда бул маселелр тууралуу эки лидер сөз кылдыбы же жокпу белгисиз. Тажыядан кийин Трамп Truth Social платформасы аркылуу Путинди сындады. Украинанын жарандык жайларына сокку урулганы Орусиянын банктарына же санкциялардын экинчи айлампасын салууга мажбур кыларын жазды.
"Соңку бир нече күндө Путиндин эл жашаган аймактарды, шаарларды жана айылдарды ракета менен аткылоосуна эч кандай себеп жок болчу. Мындан улам балким анын согушту токтотуу ниети жокпу, мени жөн гана сөз менен жайгарып жатабы деген ойго түртөт", - деп Трамп жазды.
26-апрелде Донецк облусунда орус армиясынын соккусунан үч киши набыт болуп, жети тургун жаракат алганын жергиликтүү бийлик билдирген.
Константиновка шаарына орус аскерлери сегиз бомба таштаганын Донецкинин аскердик бийлигинин жетекчиси Вадим Филашкин Telegram каналына жазды.
"Орустарга тынчтыктын кереги жок - алар бизди толук жок кылгысы келет", - деп жазды Филашкин.
Ватиканда Папа Францисктин тажыясы өтүп жаткан тушта президент Путин Орусия Курс облусун толук өз көзөмөлүнө алганын жарыялады. "Киев режиминин авантюрасы бүт кыйрады", - деп билдирди.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы андай маалыматты четке кагып, өз аскерлери Курск обулусунда экенин билдирди.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу согуш маалында бул маалыматты көз карандысыз булактардан текшере албайт.
26-апрелде Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин Ак үйдүн чабарманы Уиткофф менен жолукканда Москва Киев менен алдын ала шарт койбостон сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтканын билдирди.
Ватикандагы тажыя
Папанын тажыясын уюштурууда Ватикандын өкүлдөрү дүйнөлүк лидерлер менен расмий адамдарды тейлөөдө дипломатиялык ыңгайсыздык жаратпоо үчүн болгон аракетти көрүшкөн.
Ар бир мамлекеттин өкүлү өз өлкөсүнүн аталышына жараша алфавиттик тартипте жайгашып, Зеленский менен Трамп катар отурмак.
Бирок кадырлуу коноктор мамлекеттердин французча аталыштарына ылайык орун алгандыктан, эки лидер бири-биринен алыс отурду.
Папа Францисктин тажыясына 50дөн ашуун мамлекет башчылары, анын ичинде Аргентина, Франция, Германия, Италия, Польша, Филиппин, Финляндия жана Венгриянын лидерлери, Британиянын жана Жаңы Зеландиянын өкмөт башчылары катышты.
Ошондой эле ондон ашуун падышалык үй-бүлө мүчөлөрү, 150 өлкөнүн өкүлдөрү, 224кө жакын кардинал жана 750 епископ, диниятчы катышты.
Ватикан менен расмий алакасы жок Кытай тажыяга Тайвандын чабарманы баргандыктан өз өкүлүн жиберген жок.
Ватикан Тайван менен расмий дипломатиялык байланышы бар бир нече өлкөнүн бири.
Папа Францисктин Газадагы кырдаал боюнча айткан сынына нааразы болгон Израил Ватикандагы элчисин жиберди.
21-апрелде Папа Франциск 88 жашында дүйнө салды. Ватикандагы Ыйык Петр аянтына үч күн мурун коюлган маркумдун жыгач табытынын жанына 250 миңдей киши келип, коштошкону кабарланды.
Папанын сөөгүнө көзү тирүүсүндөгү кызыл кийимин жана эски туфлисин кийгизип, табытка жаткырышкан. Адамдар өзгөчө мээрими, куйкум тамашасы жана аярлуу жактары менен эсте калган бул инсан менен коштошууга узун кезекке турушту.
2013-жылы 1,4 млрд киши сыйынган Рим-католик чиркөөсүнүн башына келген Франциск такка отургандан тарта чиркөөнүн ишине ачык-айкындуулук киргизүүгө аракеттенген. Айрыкча кедей-кембагалды, аярлуу адамдарды коргоп, кудуреттүү мамлекеттерге мигранттардын оор турмушун жеңилдетүүгө, глобалдык климаттын көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүүгө үндөгөн.
"Ал дүйнөнү түрө кыдырып, анын ичинде метро менен автобуста жүргөн карапайым жана элге жакын диниятчы болду", - деп жазылган маркумдун табытына салынчу бир баракта. "Ал батирде жашап, тамак-ашын бышырып, өзүн жөнөкөй сезчү".
Жаңы папаны шайлоо үчүн жашыруун конклав 6-майдан эрте башталбай турганы маалым болду. Ага чейин кардиналдар жолугушууларды өткөрүп, чиркөөдөгү финансылык жана идеологиялык ар кыл маселелерди талкуулашы керек.
Шерине