24-апрелде орусиялык маалымат каражаттары Ош шаарында жалданмачылыкка айыпталып кармалган төрт адамдын бири орусиялык Виктор Васильев экенин жазды. Орусиялык медиа аны "эксперт", "саясат таануучу" жана "африканист" катары сыпаттап жатат.
"Регнум" маалымат агенттигинин башкы редактору Марина Ахмедова Телеграмга Васильев алардын Африка жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперти экенин жарыялады.
"Ал ( Виктор Васильев) жазган макалалары аймактагы айрым күчтөрдүн нааразычылыгын жаратып жатат деп кооптонуп жүрдү. Менимче "мончо окуясы" үчүн өч алуу максатында кыргыз бийлиги катардагы орусиялыктарды эмес, буга чейин көңүл борборунда болгондорду кармады".
The Insider, "Досье", "Свобода" радиосу менен "Настоящее время" каналынын биргелешкен "Система" долбоорунун буга чейинки иликтөөсүндө Васильевдин ысымы аталган. Иликтөөдө ал улутчулдук көз карашты карманганы жана фамилиясы мурда Луковенко болгону, ынды студенттин өлүмүнө айыпталып соттолгону, "Вагнердин" башчысы, маркум Евгений Пригожин менен жакын мамиледе болгону, Орусиянын чалгыны менен да байланышы болушу мүмкүндүгү айтылган.
14-апрелде Ош шаарында жалданмачылыкка айыпталып кармалган төрт адамга "кыргызстандыктарды Украинадагы согушка азгырышкан" деген айып коюлган. Алардын арасында "Орус үйү" уюмунун кызматкери Наталья Секерина, Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин бар экени белгилүү болгон. Дагы эки кишинин ысымы айтылбай жаткан.
“Россотрудничествонун” башчысы Евгений Примаковдун муну чагым катары атап, Наталья Секеринаны бошотуп алабыз деп айтканы талкуу жараткан.
УКМК маалымат бере элек. (AiA)
Шерине