24-апрелдин кечинде "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды. Абактан чыккандардын жакындарынын айтымында, бейшемби күнкү соттук жараянда ишти караган судья күбөлөрдү сурабастан эле чечимди жарыялаган.
Сотто Темирлан Султанбеков мындай чечимге макул эместигин билдирген. Жакындары соттун чечими күтүүсүз болгонун айтууда.
Бир күн мурун Темирлан Султанбеков судья күбөлөрдүн катышуусу жок эле алардын берген көрсөтмөсүн окуй баштаганын билдирген.
Анда судья күбөлөрдүн өзүн сурап, берген көрсөтмөлөрү анык экенин изилдеши керектиги белгиленген. Мындан тышкары, сот айыпталуучуларды суракка ала баштаганын, бирок алгач алар соттук териштирүүнүн аягында сурала турганы айтылган.
“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.
Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап келишет. Темирлан Султанбеков Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси боюнча бул берене менен шек саналган киши камакка алынбашы керектигин айтып келаткан. Кийин тергөөдө Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча да айып коюлган. “Социал-демократтар” партиясынын мүчөлөрү Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.
Ишке “жашыруун” делген гриф коюлгандыктан сот жараяндары жабык өтүүдө. Темирлан Султанбеков ишти ачык кароону талап кылып келет.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишинин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 2024-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BkA/AiA)
Шерине