Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыргыз-тажик чек арасы: Зым тартуу иши башталат


Чек ара. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Чек ара. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу (демаркация) иштери 21-апрелде баштала турганын билдирди.

Чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев тоолуу аймактардан башка жердин баардыгына зым тартыларын ырастады.

Анын айтымында, чек араны тактоодо Тажикстанга өтүп кеткен Достук айылынын тургундары үчүн жаңы үйлөрдүн курулушу башталды. Мындан тышкары Максат айылында тажик тарапта кала турган 14 үйдү да көчүрүү иштери башталары айтылып жатат.

"Быйыл зым тартып бүтүшүбүз керек"

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн апта соңунда Баткенге барып, облус тургундары менен жолукту. Бул кыргыз-тажик чек арасы такталгандан кийинки Ташиевдин баткендиктер менен болгон алгачкы жолугушуусу. Тарапташтары тараткан маалыматка караганда, атайын кызматтын башчысы чек ара кандай такталганын, кайсыл жерлер алмашылганын деталдуу айтып берген.

“Лаккондон баштайбыз. Чек ара сызыктарынын негизинде демаркациялык жумуштарды баштайбыз. Буга акчабыз, адам ресурстарыбыз жетиштүү. Кадамжайда инженердик-сапёрдук рота деген бар эле, ошону бүгүн Баткенге көчүрүп келдик. Бул жактагы аскер кызматкерлеринин баарын иштетебиз. Баткенде жаткан аскерлердин бардыгын иштетебиз. Быйыл ушул зымдарды тартып бүтүшүбүз керек. Чек ара зымдарды тартып бүтсөк, аркы тараптан алар тартып бүтөт. Анан зымдын берки бетинде чек арачыларыбыз ары-бери басып, көзөмөлдөп тура берет. Эч ким эч кимге өтпөй, эч ким эч кимге кордук көрсөтө албайт. Ушуну менен Баткен жергесинде түбөлүк тынчтык орнойт”,-деген Ташиев.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундарына кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берип жатат.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундарына кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берип жатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымга созулат. Кыргыз-тажик чек арасынын Оштун Алай районуна туш келген бөлүгү тоолуу аймактардан өтсө, Баткен тарапта калктуу конуштарга жакын, айрым айылдарды аралап да кетет.

Чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев чек ара сызыгы өткөн түздүк жерлер, эл отурукташкан аймактар тикенек зым менен тосула турганын маалымдады.

Абдикарим Алимбаев.
Абдикарим Алимбаев.

“Азыр чек араны инженердик тосуу боюнча ишти баштоонун алдында турабыз. Бул боюнча Ташиев атайын тапшырманы койду. Чек ара кызматында чек араны тосуу боюнча атайын бөлүм түзгөнбүз. Жакында, 1-майга чейин тосуу иштери башталат. Кыргыз-тажик чек арасына толугу менен зым тартылат. Бирок чек ара сызыгы ар кандай жерден өтөт. Тоолуу, аска-зоо жерлерге тикенек зымдар тартылбайт. Андай жерлерге адамдардын өтүшүнө тоскоол боло турган зымдары таштайбыз. Бирок айыл, туздүк жерлерди толугу менен тосконго тапшырда алдык жана быйыл бүтүрөбүз деген планыбыз бар”.

Кыргыз-тажик чек арасын толугу менен демаркациялап, же болбосо зым тартып чыгыш үчүн ириде тажик тарапка өткөнү айтылган Достук, Көк-Терек, Таш-Тумшук айылын, Масейиттин жериндеги 17 үйдү көчүрүп чыгыш керек. Мындан тышкары Максат айылындагы 14 үй дагы чек ара сызыгы өткөн жолдун үстүңкү бөлүгүнө көчүп чыгышы керек болот.

Баткен. Чек арадагы Көк-Таш айылы
Баткен. Чек арадагы Көк-Таш айылы

Март айында Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште чек араны тактоодо тажик тарап менен алмашылган айылдардан Баткен облусу боюнча жалпы 253 үй-бүлө көчүрүлө турганын билдирген.

Ал эми Кыргызстанга өттү делген Тажикстандын Сомониён айылынын, Дахма участогунун тургундары да көчүшү керек. Мындан тышкары коңшулардын Кожалы айылынын бир бөлүгү да жерин таштап чыгып кетиши керек. Мурда шахматтык түрдө жайгашкан айылдарды бир беткей кылып алгандан кийин гана зым тартууга мүмкүн.

Лейлек районундагы Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев көчүрүү иштери боюнча мындай деди:

“Биздин Максат айылында жолдун ылдыйкы бетиндеги 14 үй тажик тарапка өтүп кеткен экен. Ошол тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бир аптанын ичинде айылдын жогору жагына 14 үйдүн курулушу башталат. Көчүп чыга тургандар туура эле кабыл алышты. Биздин айылды аралап өткөн жолдун ылдыйкы бетинен беш метр өлчөп туруп, ошол жерге зым тартылары айтылып жатат”.

Ал эми Тажикстанга өтүп жаткан Баткен районунун Достук айылынын элине Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигинде 14-мартта турак жайларды куруу башталган.

Маалыматка ылайык, ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер бөлүнүп, жалпы 179 үй курулат жана ар бири үч бөлмөлүү болуп, бардык шарт түзүлөт. Курулушту күз айларына чейин бүтүрүү пландалууда. Ал жерге Достуктан башка айылдардан көчүп чыга тургандарга да үй салына турганы айтылып жатат.

Кыргыз-тажик чек арасы: "Кызыл-Бел" бекети ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00


Көк-Таш айылы тургуну Жалил Каработоев жергиликтүүлөргө кеңири маалымат берсе жакшы болмок деген пикирде:

“Негизинен Көк-Таш айылы үчүн жакшы эле болду го. Мисалы, айылдагы тажик үйлөр көчүрүлөт. Бирок толук маалымат жок болуп жатат. Чек ара дарыя менен бөлүнөт го десек, тажиктер берки бетинде да калат окшойт. Азырынча бирөө-жарым келип, толук маалымат берген жок. Калганын зым тартылганда билет окшойбуз. Эл ичинде ар кандай божомол бар. Жалпылап алганда эл түшүнүү менен кабыл алгандай”.

  • Азырынча чек аранын канча чакырымы тикенек зым менен тосулары, канчасына чек ара белгилери коюлары белгисиз. Чек ара кызматынын бул планы ишке аша турган болсо, анда демаркация иши жыл аягына чейин аяктап калышы керек.

Демаркация кандай ишке ашат?

27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.

13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери - Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек ара тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн.

Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, чек ара боюнча эксперт Саламат Аламанов демаркациялоо техникалык иш экенин айтып, анын жол-жобосун айтып берди.

Саламат Аламанов.
Саламат Аламанов.

“Демаркациялоо иштеринин өзүнүн эрежелери бар. Биринчиден эки тарап өкмөттүн алдындагы комиссия түзөт. Ошол эки тараптын комиссиялары демаркация иштерин чогуу жүргүзүп, такталган чек ара сызыгынын такталышын, бир тарапка ооп кетпешин көзөмөлдөйт. Тоо аймактарында ашууларга гана белги коет. Ал эми чек араны кесип өткөн сууларга дагы белги коюп, мамыларды орнотуш керек болот. Тегиз жерлерде сызыкты өтө кылдаттык менен алып өтүш керек. Анткени чек ара зымы ары же бери ооп кетсе нааразылык чыгат. Анын чегин адистер аныктап, ишти көп учурда аскерлер же мындай эле жумушчулар тартылат”.

Чек ара: Достук айылы 3-4 айда көчүрүлөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG