Украина: Марганецтеги кандуу чабуул
АКШнын, Европа өлкөрүнүн жана Украинанын башкы дипломаттарынын бүгүн Лондондо өтө турган үч тараптуу сүйлөшүүсү жылып калды. Анда Украинадагы согушту токтотуу боюнча Вашингтондун сунушу талкууланат деп күтүлүп жаткан. Америкалык басылмалар ал сунушта АКШнын Крымдын аннексиясын таануусу сыяктуу жоболор камтылганын жазышкан. Лондондогу сүйлөшүүнү утурлай Украинанын президенти Зеленский Киев Крымдын оккупациясын тааныбай турганын эскерткен. Бул билдирүүнү улай Американын мамкатчысы Марко Рубио британ баш калаасына баруудан баш тартканы белгилүү болду. Ал арада орус армиясы Украинанын аймактарына сокку урууну улантып жатат.
Шерине