Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Амангелдиев: "Капитал банктын" молдовалык ишкер Шорго тиешеси жок


Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

Кыргыз өкмөтү Батыштын Орусияга салган санкцияларын кыйгап өтүүгө жергиликтүү ишканалар аралашпоосу үчүн бир нече механизмдерди ишке ашырууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" маегинде билдирди.

“Азаттык”: Данияр мырза, өткөн аптада молдовалык IPN агенттиги Кыргызстанда мамлекеттик “Капитал банк” Батыштын Орусияга салган санкцияларын кыйгап өтүүгө жардам берип жатышы мүмкүн деген таризде макала жарыялады. Кыргыз өкмөтү муну дароо жокко чыгарып, четке кагып жатат. Ошентсе да, аталган макаладан кийин бир топ суроолор жаралды. Ушул жагдай боюнча сиз кандай комментарий бересиз. Биз билгенден кыргыз өкмөтүндө дал ушул санкцияларды сактоо, тобокелчилигин азайтуу боюнча бир катар өлкө, эл аралык уюмдар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген элеңиз.

Амангелдиев: Туура, биз санкциялардын айланасында ишти жүргүзүп келгенбиз жана жүргүзүп жатабыз. Азыркы учурга чейин эле айрым элчиликтер менен кеңешип турабыз. Негизи Украинадагы жаңжал башталгандан бери эле биздин президентибиз “эч бир тарапка тартпайбыз, нейтралдуу позицияда болобуз” деп айткан. Нейтралдуу болгон соң эч кимге жардам бербейбиз, бирок өзүбүздүн экономикабызга тоскоол болбогон иштерди жүргүзөбүз деген пикир айтылган. Биз соода жүгүртүп, анан финансылык секторду санкцияга туш кылбаш үчүн, аны алдын алуу үчүн "Соода үйү" деген долбоорду ишке ашырганбыз. Анда Кыргызстанга кирбеген товарларды дал ушул Соода үйү аркылуу аныктоону максат кылганбыз. Ага ылайык, кайсы товар өз дарегине жеткенден кийин инвойсторду сурап, ал кош маанидеге товар эмеспи, санкцияга түшкөн товар эмеспи деп аныкталышы керек болчу.

Бул механизм ишке керген соң товардын инвойстору жөн эле карго компаниялардан алынып, бир документ менен төрт-беш банктан өтүп кете берген. Ошентип, "Соода үйүн" түзүүдө ой-максаттар ишке ашпай калган. Ошондуктан, биз рубль менен болгон операцияларды бир банк аркылуу жүргүзүү, санкцияга туш болгон товарлардын төлөмдөрүн токтотуу, кош маанидеги товарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө максатында “Капитал банк” уюштурулган. Бул чечимдерди алуунун алдында АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен да сүйлөшкөнбүз. Анда биз рублдик операцияларды бир банктын алкагында жүргүзөлү, кайсы бир санкцияга туш болгон товар өтүп кетсе, аны кайсы ишкана, кайсы убакта, кайсы жакка жөнөткөнүн ошол банк аркылуу көзөмөлдөөнү максат кылдык. Андан соң ошол санкцияга туш болгон товарды жүргүзгөндөргө чара көрүүгө мүмкүнчүлүктөр болмок. АКШнын элчилиги муну түшүнүп, эң негизгиси санкция туш болгон орусиялык банктар менен иш жүргүзбөөнү суранган. Биз болсо санкция туш болгон банктарга согушта керектелчү курал-жарактар үчүн каражат өткөрүүдөн алыспыз, биз мигранттар, ишкерлер үчүн гана колдонула турганын түшүндүрдүк. Анткени, биздин негизги соода жүгүртүүбүз - Кытайдан товар алып келип, Орусияга жеткирүү, Орусиядан накталай түрдө акча чогултуп, Кытайга жеткирип берүү. Ушул багытта сооданы токтотпостон, ишкерлердин ишин үзгүлтүккө учуратпай, тоскоолдук жаратпашыбыз керек.

Ошондуктан “Капитал банкка” байланыштуу ушул механизм кабыл алынган. “Капитал банктын” инфраструктурасы жетишпейт, тейлей албайт деген пикирлер айтылып, эки мамлекеттик банк көмөктөшүп жатат. Ошондуктан, рубль менен операция жүргүзүү “Капитал банкка” уруксат берүү башка коммерциялык банктарга жакпай жатышы мүмкүн. Бирок бул чара учурдун талабы болуп жатат. Биз санкция салган АКШ, Европа өлкөлөрүбү же Орусия болобу эки тарап менен тең кеңешип иш алпарышыбыз керек. Ошондуктан, ай сайын брифинг өткөрүп, ишти ачык-айкын жүргүзүп жатабыз.

Ал эми молдовалык басылма жазган маалымат жалган. Аны ачык айттык. Бул макаладан кийин биз АКШ менен Британиянын элчилерин чакырып, соңку жагдай боюнча түшүндүрмө бердик. Анда кандай иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз, алар менен карым-катышыбыз кандай болот, баарын кеңири талкууладык. Ага чейин АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) өкүлдөрү менен жолукканбыз, жакында Британиянын Тышкы иштер министрлигиндеги санкциялар менен алектенген бөлүмдүн өкүлдөрү менен талкууладык. Биздин негизги максат - жаңжалдын кесепети биздин ишкерлерге сезилбей, соода жүгүртүүгө жана анын көлөмүнө терс таасир тийгизбегендей болсун. Буга чейин президент жарыялагандай Кыргызстан соода хаб болсун дегендин үстүнөн иштеп жатабыз.

“Азаттык”: Молдовалык басылма дал ушул сооданы жүгүртүүдө теги молдовалык, учурда Орусияда иштеген Илан Шор сыяктуу артынан көп сөз ээрчиген ишкерлер менен кыргыз банкы байланышта болушу мүмкүн деп жазып жатпайбы. Албетте, муну четке кактыңыздар. Ошентсе да, дал ушундай Шор сыяктуу күмөндүү ишкерлердин катышы жок экенин канчалык деңгээлде ишенимдүү айта аласыздар?

Амангелдиев: Анын кайда катышы бар экенин билбейбиз. Бирок мамлекеттик банкка анын (Шор - ред.:) эч тиешеси жок. “Капитал банкка” 100 пайыз мамлекет ээлик кылат жана бардык аракеттер мамлекеттик банктын алкагында жүрүп жатат. Ал эми мамлекеттик банк менен Шордун байланышы бар деген чындыкка жатпаган маалымат.

“Азаттык”: Буга чейин АКШ бийлиги Кыргызстандагы “Керемет банкка” санкция салып, “кара тизмеге” киргизген. Анда “Керемет банк” эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” банктар менен кызматташкан деген жүйөнү келтирген. Ал эми кыргыз өкмөтү муну четке кагып, “Керемет банкты” санкциялык тизмеден чыгарууну өтүнгөн, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлаган. Бул сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкчудайбы?

Амангелдиев: Ал сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыга элек. Биз АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) өкүлдөрү менен ушул маселе боюнча жолугуп, “Керемет банк” боюнча далилдерди сурап жатабыз. Бирок алардын акыркы катында финансылык системага көзөмөлдү күчөтүш керек деген маалымат бар экен. “Керемет банк” тууралуу сөз жок. Учурда биз “Керемет банктын” 100 пайыз акциясын мамлекетке кайтаруу керек деген позицияда турабыз. "Эгер банкты кайра мамлекетке алсак санкциядан чыгарып бересиңерби" деп АКШ менен сүйлөшүп жатабыз. Антпесе, банк үчүн эч ким кепилдик бере албайт. Экинчиден, биз бул банкты Улуттук банктан өкмөткө аларда дүйнөдөгү белгилүү төрт компания аудит жүргүзүп, шектүү, мыйзамсыз иштерге аралашкан эмес дегени үчүн башка инвесторго сатканбыз. Ушул аудитти жүргүзгөндөр "бул актив таза, анан сатып алуучулардын шектүү иштерге тиешеси жок" дегени үчүн сатылган. Биз “Керемет банктын” активдерин сатканда бөлүп сатканбыз. Каржынын биринчи гана бөлүгү бизге келип түшкөн. Биз ал каражатты бюджетке отургузганбыз. Бирок банк санкцияга туш болгон үчүн анын активдеринин баалуулугу төмөндөп кетти. Ошондуктан, биздин акыркы иш-аракеттерибиз мурдагы сатуу боюнча келишимди жокко чыгарып, банкты мамлекетке 100 пайыз өткөрүүгө багытталууда. Андан соң санкциядан чыгарып, “Керемет банктын” мүмкүнчүлүктөрүн ачсак анын баалуулугу көтөрүлөт. Ошондо аны башкаларга сунуштасак болот.

“Азаттык”: “Керемет банк” боюнча келишимди бир тараптуу бузууга болобу? “Керемет банктын” 100 пайыз акциялары сатылса, аны кайтарууга мүмкүнчүлүк барбы? Алган инвестор каражатты толук төлөй элек беле?

Амангелдиев: Келишим толук бүтө элек болчу. Аны кайтарууга мүмкүнчүлүк бар.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG