Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Трамп Киевдеги чабуул үчүн Путинди сынга алды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын Киевге болгон чабуулун кескин сынга алып, орус президенти Владимир Путинди согушту токтотууга чакырды. АКШ лидери бул тууралуу Truth Social платформасындагы баракчасына 24-апрелде жазды.

"Мен Орусиянын Киевге чабуулун айыптайм. Мунун зарылчылыгы жок болчу. Владимир, токтот! Беш миңдеген аскер апта сайын каза болуп жатат. Тынчтык келишимине келели!" – деп жазды Трамп.

Мунун алдында АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийди согушту аяктоо үчүн Орусия менен сүйлөшүүгө "тоскоолдук кылып жатат" деп айыптаган. Кошмо Штаттардын президенти Зеленскийдин Крымда Орусиянын юрисдикциясын тааныбасы тууралуу билдирүүсүнө ушинтип жооп кайтарган.

Орусиянын армиясы 24-апрелге караган түнү Украинанын шаарларына жапырт чабуул койду.

Баш калаа Киев да ракета жана дрон чабуулуна кабылып, тогуз киши каза тапканын Украинанын куткаруу кызматы билдирди.

Орусиянын ракеталык жапырт чабуулуна Харьков, Днепропетров облустарындагы шаарлар да кабылып, турак жайлар талкаланып, автоунаалар өрттөлдү. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG