Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Айтматов районунун акими коррупцияга шектелип кармалды


Айтматов району
Айтматов району

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлады. Маалыматка ылайык, учурдагы акимге Ала-Бука районунун акиминин орун басары болуп эмгектенген учурдагы аракети үчүн кылмыш иши козголгон.

ИИМ 2018-жылы Ала-Буканын акиминин биринчи орун басары С.Б. "Жер тилкелерин которуу жөнүндө" мыйзамды бузуп, мамлекеттик дарыкананын карамагында турган 70 сотых жерге турак жай курууга уруксат бергенин билдирүүдө. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда Таласта аким болуп иштеп жаткан шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды.

ИИМ тараткан маалыматтагы инициал Таластын Айматов районунун акими Бектур Сагымбаевдин аты-жөнүнө дал келет.

Ал 2012-2021-жылдары Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген. Ал эми 2021-жылдан тарта Айтматов (мурдагы Кара-Буура) районун акими болуп эмгектенип жаткан.

Анын жакындары жана адвокаттар комментарий бере элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG