Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

ТИМ Түркияда кармалган мугалим боюнча түрк консулуна вербалдык нота тапшырды


Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жайгашкан имарат.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жайгашкан имарат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун мугалими Азамат Нурмат уулунун Түркияда кармалышына байланыштуу 24-апрелде Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулуна вербалдык нота тапшырды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Азамат Нурмат уулуна адвокат табууга көмөк көрсөтүп, Түркиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу максатында консулдук сапар уюштурулду.

Азамат Нурмат уулунун жакындары “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, ал 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда, аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган. 32 жаштагы Азамат Нурмат уулу ошондон бери дайынсыз болуп жатат.

Анын жубайы Ирзван Пахридин кызы жана апасы Гүлсара Шамурзаева Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине, укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок андан жыйынтык чыкпай жатканын айтып, бийликтен жардам сурады.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Zeen Education компаниясы менен 20-апрелде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталия шаарына барышканын кабарлады. Окуучулар олимпиадага катышып жатканын жана 25-апрелде өлкөгө кайтышарын кошумчалады.

Азамат Нурмат уулу азыркы “Маариф” мурдагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде соңку сегиз жылдан бери эмгектенип келаткан. Ушул тапта “Маарифтин” Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими болуп иштеп жаткан. Өзү да “Сапатка” караштуу Кызыл-Кыядагы Исхак Раззаков атындагы лицейин 2010-жылы аяктаган. Түркиянын Газиантеп универститетинин математика факультетин бүтүргөн.

2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон.

“Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.

Билим берүү жана илим министрлиги “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантарын кабарлаган.

Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG