Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Президент Жапаров БУУнун алдында тоолор боюнча координациялык механизм түзүүнү сунуштады


Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-апрелде Бишкекте өткөн «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо» эл аралык конференциясында билдирди. Анда президент Кыргызстан тоо диалогун түзүүдө маанилүү роль ойногонун эске салып, климаттын өзгөрүү шартында бул демилгенин мааниси артканын белгиледи.

“Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы ассамблеясы «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү» резолюциясында 2023-2027-жылдарды Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялаган. Бүгүнкү конференция ушул беш жылдыктын алкагында өтүп жатат", - деген президент бул жааттагы иштерди улантуу үчүн Улуттар Уюмунун алдында “Тоолор” координациялык механизмин түзүүнү сунаштады.

Жапаров эл аралык өнөктөштөрдөн турган тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын керектигин да кошумчалады.

Бишкекте өткөн конференцияга бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү, окумуштуулар, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун башкы директору Цюй Дунъюй баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Шерине

XS
SM
MD
LG