Еврокомиссия санариптик атаандаштык эрежелерин бузгандыгы үчүн Apple жана Meta компанияларына жалпы суммасы 700 миллион евро айып пул салды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Бул өткөн жылы күчүнө кирген Digital Markets Act (DMA) боюнча киргизилген биринчи санкция. Агенттик жазган макалада Еврокомиссиянын чечими соода тарифтер боюнча сүйлөшүүлөр уланып жаткан маалга туш келип, Евробиримдик менен АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын ортосундагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүн экендиги айтылат.
Apple колдонуучуларга App Store дүкөнүнөн тышкары башка төлөм ыкмаларына жол бербегени үчүн 500 миллион евро төлөп берүүгө милдеттендирилди. Meta Facebook жана Instagram колдонуучуларына иштеткен "акы төлө же кошул" системасы үчүн 200 миллион евро айыпка жыгылды.
Apple Еврокомиссиянын аракеттерин "адилетсиз куугунтук" деп атап, "колдонуучулардын коопсуздугуна жана купуялуулугуна коркунуч" келтирет деген чечимге каршы доо арыз менен сотко кайрыларын билдирди. Meta өз кезегинде Евробиримдикти кытайлык жана европалык фирмаларга эмес, "ийгиликтүү америкалык компанияларды жасалма чектөөгө" аракет кылып жатат деп айыптады.
"Биз үчүн компания АКШ, Кытай же европалык болобу айырмасы жок. Эгер ал Европа рыногунда иш алып барса, анда европалык эрежелерди сакташы керек", - деди Еврокомиссиянын өкүлү Томас Ренье.
AFP агенттиги Meta жана Apple компанияларына салынган айыптар Евробиримдик эл аралык басымга карабастан жаңы санариптик мыйзамдарды ишке ашырууга кадам таштаганынан кабар берерин жазды. Басылма аталган компанияларга салынган чоң өлчөмдөгү салык эл аралык соода мамилелерине да олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн деген божомолду да келтирди. (AiA)
Шерине