Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулунун Түркияда кармалышы боюнча комментарий берди.
Маалыматта Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан эл аралык математика олимпиадасына мектеп окуучуларынын катышуусуна жана алардын өлкөдөн чыгуусуна министрликтин тиешеси жок экени айтылат. Окуучуларды тандоо, коштоп баруу маселелерин Zeen Education билим берүү компаниясы жүргүзгөнүн кошумчалады.
Мекеме Zeen Education компаниясынын директору Айнура Мамашарипке шилтеме берип, 20-апрелде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталия шаарына барышканын кабарлады.
“Окуучулар ата-энелеринин нотариалдык макулдугу менен Zeen компаниясынын өкүлдөрүнүн коштоосунда сапарга чыгышкан. Ал эми окуучулар көзөмөлсүз калган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда окуучулар коопсуз шартта олимпиадага катышып жатышат, алардын Кыргызстанга кайтып келүүсү 2025-жылдын 25-апрелине белгиленген”, - деп айтылат маалыматта.
Билим берүү жана илим министрлиги кырдаалга байкоо салып, Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги менен байланышта экенин белгиледи.
Азамат Нурмат уулунун жакындары “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, ал 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда, аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган. 32 жаштагы Азамат Нурмат уулу ошондон бери дайынсыз болуп жатат.
Анын жубайы Ирзван Пахридин кызы жана апасы Гүлсара Шамурзаева Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине, укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок андан жыйынтык чыкпай жатканын айтып, бийликтен жардам сурады.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мугалим Түркияда кармалганын ырастап, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Түркиянын компетенттүү органдары менен кыргыз жаранына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барып, кармоонун жагдайларын жана себептерин тактап жатканын жарыялаган.
Азамат Нурмат уулу азыркы “Маариф” мурдагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде соңку сегиз жылдан бери эмгектенип келаткан. Өзү да “Сапатка” караштуу Кызыл-Кыядагы Исхак Раззаков атындагы лицейин 2010-жылы аяктаган. Түркиянын Газиантеп универститетинин математика факультетин бүтүргөн.
2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон.
“Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.
Билим берүү жана илим министрлиги “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантарын кабарлаган.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. (BTo)
Шерине