Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Ош мэринин сунушу, УКМКнын эскертүүсү


Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага кирген автоунаалардан төлөм алууну сунуштады. Мэр муну менен шаардагы тыгынды азайтып, жергиликтүү казынаны толтурса болорун билдирди.

Токторбаевдин сунушуна коомчулук түрдүү реакция кылып, сындагандар да, колдогондор да болду. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаарынын мэринин мындай демилгесин колдобой турганын, товарларды шаарга жеткирүү кымбаттап кетерин билдирди.

Ош мэриясынын 8-апрелдеги жыйынында шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев калаанын көчөлөрүн жаңыртып, унаа тыгын маселесин жоюу үчүн шаардын аймагына машиналарды акы төлөтүп киргизүүнү сунуштады:

Жеңишбек Токторбаев
Жеңишбек Токторбаев

"Ош шаарына кирип-чыккан унаалардан төлөм алсак деген сунушту киргизейин деп жатам. Мисалы, Европада, Кытайда ошондой тажрыйба бар экен. Шаардын кирген жактарына арка куруп, терминал коюп, жеңил унаа, жүк ташуучу унаа киргендей кылып жасап койсок, жолдорду оңдоп койсок. Терминалдан кире турган жерге унаа токтотуучу жай жасап койсок да болот. Эгер шаар ичине машине менен кирем десе 50 сомдон 100 сомго чейин, оор жүк ташуучу унаалардан 100-150 сомдон алып киргизсек".

Мэрдин айтымында, Ош шаарына күнүнө 56 миң автоунаа кирип-чыгат, алардын ар биринен 50 сомдон төлөм алса да күнүнө 2,5 млн сомдон ашык киреше түшүп турат.

"Бир айда 60 млн түшүп калат", - деди шаар башчы.

Буга чейин мындай маселе парламенттин жыйындарында да айтылып, айрым калаа башчылары ушундай эле демилге көтөрүп келген.

Бирок бир катар адистер бул идеяны ишке ашыруу кыйынга турарын айтууда.

Урбанист Айгүл Насирдинова мэр Токторбаевдин айткандарын тастыктай турган атайын изилдөө жоктугуна байланыштуу анын эсептеринен күмөн санап турат. Адистин пикиринде, калкынын саны бир миллиондон ашкан Бишкекте шаарга акы төлөп киргизүү системасы өзүн акташы мүмкүн, бирок Ошто 500 миң гана киши жашагандыктан бир топ кыйынчылык жаралышы ыктымал:

Айгүл Насирдинова
Айгүл Насирдинова

"Биздин мэрлер башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын алып, колдонууга аракет кылат. Бирок бир дагы илимий изилдөө, негиз жок, пилоттук долбоорлор иштетилбейт. Ал муну кайсы мыйзамга байлап, кантип ишке ашырарын түшүнө албай жатам. Мэр өз стратегиясын айтардын алдында адистердин инженердик же илимий эсептөөлөрүнө таянышы керек эле".

Буга чейин Бишкек мэриясы да жол тыгындарын азайтуу максатында борбор калаага аймактардан келген автоунаага төлөм киргизүүнү сунуштаган. Мэрия алгач долбоорду алты ай сынап көрүп, ал ийгиликтүү ишке ашса Министрлер кабинетине сунуш киргизиле турганын белгилеген.

Экономист Кубан Чороев мамлекет жол оңдоо үчүн деп бензиндин ар бир литринен 1 сомдон салык алып жатканын эске салды.

Кубан Чороев
Кубан Чороев

"Менин оюмча, биз мындайга экономикалык жактан алып караганда өсүп жете элекпиз. Жол маселелерин чечүү үчүн атайын салык киргизилген, анда [күйүүчү майдын] ар бир литрине 1 сомдон алынат. Ошондуктан шаарга кирген унаалардан төлөм алышса бул эки жолу төлөнгөн салык болуп калат".

Ал тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош шаарынын мэринин демилгесин колдобой турганын, бул коомчулукта терс кабыл алынып, товарларды шаарга жеткирүү кымбатташы мүмкүн экенин билдирди.

"УКМК Ош шаарынын мэринин бул демилгесин колдобойт! УКМК жетекчилиги түштүк борборго кирүү үчүн төлөм киргизилсе коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда, бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. Товарларды шаарга жеткирүү кымбаттайт, бизнес бул чыгымдарды керектөөчүлөргө артуусу мүмкүн, калктын анча бай эмес катмары шаарга баруудан баш тартууга же бул үчүн акчасынын олуттуу бөлүгүн коротууга аргасыз болот. Мындай болбойт!", - деп айтылды атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ошону менен катар УКМК бардык кызмат адамдарын - мэрлерди, акимдерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрүн жана башка жетекчилерге кайрылып, аларга "бул сыяктуу туура эмес идеялар жана билдирүүлөр менен чыкпоого", "жеке пиар-кампания менен алек болбоого" чакырды.

Дүйнөдө акы төлөп кирген алдыңкы жети шаар бар. Мисалы, шаар-мамлекет деп аталган Сингапурга 1998-жылдан бери автоунаа менен кирүү үчүн акы алынат. Айдоочулар мында 1 доллардан 3 долларга чейин төлөшөт.

Шаарга акы төлөп кирүү тажрыйбасы чынында кирип-чыккан унаалардын санын 15-20% кыскартканын, бирок бул убактылуу гана чечим болгонун айрым урбанист адистер белгилеген.

Ош мэринин шаарга кирген машинеден акы алуу сунушу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG