Бишкек жана Оштун калаа башчыларын парламентке чакыруу сунушталды. Буга эки муниципалитеттин троллейбуска байланыштуу карама-каршы пикирлери себеп болду.
Каржы министрлигинин маалыматында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын "Оштун электрдик коомдук транспорту" долбоору жалпы жонунан 23 млн еврого бааланган.
Биринчи баскычта 14 млн 740 миң евро бөлүү каралган. Анын 9 млн евросу насыя, 5 млн евросу грант. Экинчи этапта 9 млн евро бөлүнөт, анын 5,74 млн насыя, 3,26 млн евро грант.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 31-марттагы жыйынында 12 жылга бериле турган бул насыяга троллейбус линиялары оңдолору белгилүү болду.
Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев эл аралык банктын талабы менен калаага 30га жакын электробус да алынарын айтты.
"Троллейбустар үнөмдүү, киреше алып келүүчү транспорт. 200 сом чыгым болсо, 4 миң сом киреше алып келет. Ош шаарында 50 жылдан бери иштеген троллейбустар бар. Башкаларга караганда узак мөөнөткө чыдайт", - деди Жунусбаев.
Вице-мэр жакында Бишкектен алынып барган 100 троллейбусту ишке берүү Оштогу тыгынды азайта турганын белгиледи.
Долбоорду талкуулоо учурунда айрым эл өкүлдөрү Бишкек мэриясынын троллейбустарды "өзүн актабай калды" деп линиядан алганын эске салды.
Депутат Бакытбек Калпаев каржы министринин орун басары Улукбек Календеровго эки калаанын мэринин тең маалыматын угууну сунуштады.
"Бир мамлекеттеги эки шаарда эки башка маалымат болуп жатат. Оштун вице-мэри троллейбустардын чыгымы аз экенин айтууда. Бишкек мэриясы бул транспорт үчүн 205 млн сом субсидия коротуп жатканын айтып, линиядан алышкан. Бир эле транспорт, бирок жооптор ар башка. Эки мэрдин жолугушуусун уюштуралы", - деди депутат Бактияр Калпаев.
Депутаттын сунушу менен өкмөт менен ЕРӨБнын макулдашуусу күн тартибинен алынды.
Былтыр 13-декабрда Бишкек мэриясынын карамагындагы 100 троллейбусту Ош шаарына берүү токтомуна кол коюлган. Алты троллейбус Нарынга, ону Баткенге жеткирилген.
Маалыматка ылайык, Ошко жөнөтүлгөн троллейбустар 2001-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде пайдаланууга берилген. Айрымдары 15 жылдан ашуун убактан бери иштетилип келет. Троллейбустарды эксплуатациялоонун орточо мөөнөтү 20 жылдан ашпоого тийиш.
Жарандык активисттер борбор калаанын жетекчилигин экологиялык транспорттон аркылуу чечимин сындап келет. (ST)
Шерине