Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:37

Мэр Токторбаев Ош шаарына кирген унаа үчүн акы алууну сунуштады


Жеңишбек Токторбаев.
Жеңишбек Токторбаев.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаага кирген унаалар үчүн акы алууну сунуштады. Бул тууралуу ал 8-апрелде тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде билдирди. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйында шаардагы калктын саны күндөн-күнгө өсүп жатканын эске алуу менен шаар инфратүзүмүн жакшыртуу маселеси көтөрүлдү.

Расмий маалыматка ылайык, Ош шаарында 500 миңден ашык адам жашаса, жакынкы аймактардан келгендер менен бирге бул сан 800 миңден ашат. Күн сайын шаарга жакынкы жана алыскы аймактардан 56 миңге жакын унаа кирип-чыгат.

"Ош шаарына кирип-чыккан машиналардан акы алуу сунушун киргизейин деп жатам. Европада, Кытайда ушундай тажрыйба бар экен. Шаардын кире беришине сонун аркаларды, жүк ташыган, жеңил унаалар кире турган терминалдарды коюп, жолду оңдоп, унаа токтоочу жайларды жасасак. Мисалы жеңил унаалар үчүн 50-100 сом, жүк ташуучу машиналарга 100 сомдон 150 сомго чейин шаарга акы төлөп киргизсек. Эгер бир күндө 56 миң машина кирсе, 2,8 млн сом болот экен бир күндө. Бир айда 60 млн түшүп калат", - деди Токторбаев.

Шаар мэри түшкөн каражатты мектеп, бала бакча, оорукана жана реабилитациялык борборлорду курууга, шаар инфраструктурасын жакшыртууга жумшоону сунуштады. Ошону менен катар жол тыгын маселесин ушундай жол менен чечсе болорун белгиледи.

Буга чейин Бишкек мэриясы дагы жол тыгындарын азайтуу максатында борбор калаага аймактардан келген унааларга төлөм киргизүүнү сунуштаган. Мэрия алгач долбоорду 6 ай сынап көрүп, ал ийгиликтүү ишке ашса Министрлер кабинетине киргизиле турганын белгилеген.

Соңку учурда ири шаарлардагы жол тыгын маселеси чоң көйгөйгө айланып, бул маселе Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлгөн. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG