Улуттар Уюму ансыз дагы согуш баскан Түштүк Чыгыш Азиядагы өлкө гуманитардык апааттын кырында турганын эскертти. Орусия, Индия, Кытай гуманитардык жардам, куткаруучуларды жиберди.
Тайландда дагы ондон ашуун кишинин өмүрү кыйылды, 80дей адам дайынсыз. Зилзала Бангладеште, Индияда, Лаосто жана Кытайда да сезилди.
28-мартта Мьянманын борбордук бөлүгү, өлкөдөгү экинчи чоң шаар Мандалай табигый кырсыктан катуу жабыркап, имараттар, үй-жайлар, көпүрөлөр, жолдор талкаланды. Мандалайдагы мурдагы падышалык сарай, тарыхый кечилкана бузулду.
Адегенде 7,7 андан кийин кайра 5,1 магнитудага жеткен силкинүүдөн өлгөндөрдүн саны 1700гө жеткени жекшембиде кабарланды. Миңдеген адам жарадар, урандылардын алдынан тирүү калгандарды алып чыгуу үчүн куткаруучулар тынымсыз иштеп жатат.
“Алгачкы 72 саатта тирүү калгандардын баарын аман-эсен алып чыгышыбыз керек. Андан кийин оор техника, экскаваторлор келет. Ага чейин иттер менен тирүү калгандарды таап чыгууга аракеттенебиз”, – деди полициянын көзөмөл жана коргоо бөлүмүнүн командири Тирасак Таңмо.
Мьянма сейсмологиялык активдүү зонада жайгашкан. Буга чейин дагы бир нече жолу катуу зилзаланын зыянын тарткан. Ага кошумча соңку төрт жылдан бери жарандык согушка баткан.
Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын Мьянмадагы директору Майкл Данфорд эл аралык коомчулукту чукул арада жардам берүүгө чакырды:
“Көпчүлүк имарттар кыйрады. Нейпьидодо жолдор талкаланган, көпүрөлөр кулаган. Кайдан, эмне кылышты да билбейсиң. Кырдаал өтө кыйын. Андыктан баарыбыз чогуу-чаран тезирээк чара көрүшүбүз керек”.
Улуттур Уюмунун өкүлү Мьянмада зилзалага чейин калктын бир бөлүгү – 19 миллиондон ашуун киши гумантардык жардамга муктаж болуп жашаганын белгиледи. 15 миллион киши тамак-аштан кыйналса, 3 жарым миллиондой адам жер которгон. Өлкөдө ансыз дагы аярлуу катмар калың эле, эми бул кырсыктан кийин кырдаал ошо бетер оорлошту.
Ооруканалар менен бейтапканалар жарактан чыккандыктан дары-дармек, медициналык каражаттар таңкыс экени кабарланды.
55 миллион калкы бар Мьянмада төрт жыл мурун бийликти басып алган аскердик хунтага каршы ар кандай оппозициялык топтордун куралдуу жаңжалы уланууда. Сыртта жүргөн Улуттук биримдик өкмөтү катуу жабыркаган райондордо гуманитардык жана куткаруу иштерине тоскоолдук жаратпоо үчүн эки аптага жаңжалды токтотууну жарыялады.
Орусия, Индия, Кытай гуманитардык жардам, куткаруучуларды жиберди.
Мьянма Бангладеш, Индия, Кытай, Лаос жана Таиланд менен чектешет.
Тайланддагы кырдаал
Бул өлкөдө набыт болгондордун саны 17ге жеткени, 80ден ашуун киши дайынсыз экени кабарланды. 17 миллиондой эл жашаган Баңгкок баштаган бир катар шаарлар жабыркады. Өлкөнүн түндүгү да бир топ зыян тартканы менен өлүм-житим катталган жок.
Жекшембиде Баңгкокто кыйраган имараттын алдынан аман калгандарды куткаруу иштери улантылды.
“Үйүмдөгүлөр төлгөчүгө барса менен аялым тирүү экенин айтыптыр”, - деди аты-жөнүн айткысы келбеген 43 жаштагы Мьянмадан келген мигрант жигит көзүнүн жашын агызып.
Жер титирей баштаганда ал имараттан чыгып кетүүгө үлгүрсө, 37 жаштагы жубайы 6-кабаттан түшүп келаткан бойдон дайынсыз.
Жыт кубалаган иттер тирүү калгандарды издесе, куткаруулар тоодой болуп үйүлгөн урандылардын тазалоо менен алек.
Баңгкоктогу Чатучак базарынын жанында курулушу жүрүп жаткан 33 кабат имарат кулап түшүп, куткаруу иштерин дагы оорлоштурду.
Кырсык болгон маалда ал жерде 400дөй киши болгонун, 100дөн ашуун жумушчуну там басып калганын жергиликтүү бийликке таянып, эл аралык медиа жазды.
Баңгкоктун губернатору Чадчарт Ситтипунт шаарда көптөгөн бийик имараттар бузулганын, бирок азыр алардын так саны белгисиз экенин айтты.
Эл аралык коомчулук Мьянма менен катар эле Тайланддагы гуманитардык жана куткаруу операцияларына көмөктөшүүгө чакырууда. Улуттар Уюму баштаган ар кандай гуманитардык уюмдар эки өлкөнүн элине эң зарыл болгон башкалка, таза суу, дары-дармек менен камсыздоонун аракетинде.
Табияттын катаал сыноосун баштан кечирген эки өлкө кайра куруу иштеринде дүйнөлүк коомчулуктан колдоо күтөт.
Шерине