Кыргызстанда жылдык орточо температура 1960-2023-жылдар аралыгында 1,2 °C ысыган. Дүйнөлүк көрсөткүч 0,6 °C.
Атлас: Аба ысып, суу тартылды
26-мартта БУУнун Айлана-чөйрө программасынын Атласы жарыяланды. Андагы маалыматта Кыргызстанда 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөн.
Кыргызстан климаты нымдуу атмосфера калыптанган океандардан алыс, Евразия континентинин чок ортосунда турат.
Атласта республиканын 93% тоолордон турганы менен Казакстандын жана Өзбекстандын ири чөлдөрүнөн урган ысык, кургак шамалга жана кышкысын Сибирь антициклонунун аймактын түпкүрүнө чейин киришине тоскоолдук жок аймакта жайгашканы белгиленген.
Соңку 60 жылда өлкөдө орточо жылдык температура 1,2°C көтөрүлүп, дүйнөдөгү атмосфералык ысынуудан (0,6°C) ашып түшкөн. Жакынкы он жылдыкта көрсөткүч дагы жогорулашы мүмкүн.
Абанын температурасынын көтөрүлүшү мөңгүлөрдүн тездик менен эришине, суу тартыштыгына алып келгени белгиленген.
"Чөлкөмдөгү аба температурасынын көтөрүлүшүнөн жана жаан-чачындын аз жаашынан улам сугат суунун тартыштыгы жаралып, ал бардык ирригациялык райондордо, айрыкча Фергана өрөөнүндө байкалууда. Бул өрөөндө тартыштык 1990-жылдан бери 100 мм түзсө, Чүйдө тартыштык 45 мм түзөт", - деп айтылат Атласта.
Климаттын өзгөрүшү менен Кыргызстанда жакынкы 30 жылда суу сактагычтар бөксөрүшү мүмкүн. Өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычы, прогноздор боюнча, 2050-жылга карай 18,8% азайышы ыктымал.
Ушу тапта өлкөдө электр энергиясынын 93% гидроэлектрстанциялар өндүрөт.
Кыргызстанда суу негизинен айыл чарба үчүн керектелет (95%), 5% калктын керектөөсү үчүн, 1,5% өндүрүш үчүн. Жалпы республика мөңгүдөн аккан суунун 20-25% гана колдонуп, калганын чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдүн керектөөсүнө жумшалат.
Мөңгүлөр жылдан жылга азаюуда
Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун кызматкери, гляциолог Бакытбек Эрменбаев аба температурасынын 1,2 градуска көтөрүлүшү мөңгүлөрдүн тездик менен эришине себеп болуп жатканын белгиледи.
Ал Атластагы маалыматты Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө абанын температурасы көтөрүлүп жатат деген коңгуроо катары сыпаттады.
Ал Кыргызстандагы мөңгүлөр өткөн кылымдын 70-жылдарынан тарта тездик менен эрип, айрымдары жок болуп кеткенин айтты:
“Мен он жыл гляциология лабораториясын жетектеп, Жети-Өгүз районундагы Кара-Баткак мөңгүсүн изилдеп келем. Акыркы 50 жылда бул мөңгү 22% азайган. Мөңгүлөрдүн деградация болушун бир эле Кара-Баткак эмес, өлкөнүн бардык аймагынан байкасак болот. Бишкектин үстү жагындагы Кыргыз тоо кыркаларындагы мөңгүлөр азайып, жоголуп баратат. Ошол эле Талас тоо кыркасындагы мөңгүлөр жокко эсе болуп калганын байкап жатабыз. Космостон тартылган сүрөттөрдөн Талас облусунда мөңгүлөр минимумга түшүп кеткенин көрүүгө болот. Кара-Баткактын өзүн ала турган болсок, 1960-70-жылдары 9-10 метрге чейин артка жыла баштаган. 2000-жылдардан бери 10-12 метр чегинип жатат. Чүй облусундагы Адыгене мөңгүсү 15 метрге чейин чегинип жатат".
Бакытбек Эрменбаев мөңгүлөрдүн эриши табигый кырсыктардын көбөйүп жатышына себеп болорун кошумчалады.
“Мөңгү кар канча калың жааса, ошончо толукталат. Масса балансы деп коебуз, ошонун динамикасы жакшы болот. Бирок мурдагыдан бери карап көрсөк, жаан-чачындын көлөмү өзгөрүлбөптүр. Мурдагыдай эле жаап жатса, мөңгү эмнеге азайып баратат деген суроо туулушу мүмкүн. Анын эки себеби бар. Биринчи фактор - абанын температурасынын көтөрүлүшү. Экинчи фактор - температуранын көтөрүлүшү менен кар катуу болуп түшпөй, жамгырга айланып жаап жатат. Он жыл мурда Бишкекте март айында кар жаачу, азыр жамгыр жаап жатат. Демек температуранын көтөрүлүшү карды эритип, мөңгү толукталбай жатат. Ал эми жамгыр, тескерисинче, мөңгүнүн эришине алып келет”.
"Мөңгү тез эригенде көл жырылат"
Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун дагы бир кызматкери, гляциолог Гүлбара Оморова Чүй облусундагы Адыгене мөңгүсүнө байкоо салат. Ал климаттын өзгөрүшүнөн улам мөңгүнүн жанындагы көлдөрдүн суусунун температурасы да көтөрүлгөнүн айтууда:
“Мониторинг жүргүзүп, Адыгене жана анын жанындагы Тез-Төр көлүнө байкоо салып турабыз. Булардын тереңдиги 22-25 метр. Атайын жабдыктар менен туздуулугуна чейин ченеп турабыз. 2024-жылы көлдүн температурасын ченегенде 2022-жылга салыштырмалуу 0,2-0,5 градуска көтөрүлгөнүн байкадык. Бул жылуулук режими өзгөргөнүн, көлдөрдүн климаттын өзгөрүшүнө сезгичтигин билдирет. Адыгыне мөңгүсүнүн абляциялык же эрүү зонасына жети рейка орнотконбуз. Июль-август айларында эң көп эриген жери 2 метр 11 сантиметрге жетти. Былтыр мөңгү интенсивдүү эриди".
Гляциологдун белгилешинче, мөңгүлөрдүн эриши менен анын жанында морена көлдөрү пайда болууда. Борпоң топурактуу чуңкурларга суу толгондо пайда болгон көлдөр жырылып кетсе, сел жүрөт.
“Адыгене мөңгүсү тарапта 16дай көл бар. Бирде пайда болуп, бирде жок болуп турат. Бул үзгүлтүксүз мониторингди талап кылат. Морена комплексинин астында муздар да болот. Абанын температурасы жылыганда ошол муздар эрип, көл толуп, жырылып кетиши мүмкүн", - дейт Оморова.
Атластагы маалыматка таянсак, Кыргызстанда 200дөй морена көлү бары. Акыркы 50 жылда 70 морена көлү жырылып, суу ташкыны пайда болгон. Көп учурда мындай көлдөр калктуу конуштардан алыс болгону үчүн байкалбай калары жазылган.
Өткөн жылдары Аламүдүн районундагы Тез-Төр көлүндө ушундай кырдаал жаралган. Былтыр Тоңдогу Зындан көлү жырылганда суу ташып, Ысык-Көлдөгү 50дөй үй жараксыз абалга келген.
Арал деңизинин соолушу, адамдын таасири
Атласта Борбор Азиядагы экологиялык көйгөйлөрдүн бири катары учурда 15% суусу калган Арал деңизи көрсөтүлгөн. Деңиздин тартылышы менен бороондор тузду жана кумду бир канча миң чакырымга учуруп, чаң алыскы аймактагы мөңгүлөргө чейин жетип жатканы белгиленген.
Бирок гляциолог Бакытбек Эрменбаев бул версияга анча кошулбайт. Илимпоз Кыргызстандагы мөңгүлөр дүйнөдө климаттын өзгөрүшүнөн улам эрип жатканын айтты:
"Аралдагы туздардын көтөрүлүшү мөңгүлөргө минималдуу гана таасир этиши мүмкүн. Азыр глобалдык жылуулуктун таасири тийип жатат. Температура көтөрүлгөн сайын деградация улана берет. Мөңгүлөрдүн эришин токтото албайбыз. Ошон үчүн мөңгүдөн агып келген сууну үнөмдүү колдонгонду үйрөнсөк жакшы болмок. Аймактарды кыдырган маалда түтүктөрдөн кышы-жайы суу шарактап агып турганын көрүп калам. Ошондой мамилени токтотушубуз керек. Андан тышкары мөңгүлөр активдүү эрип жаткан маалда суу сактагычтарды куруп, сууну топтоп, сактап калсак болмок".
Ал эми гляциолог Гүлбара Оморова антропогендик фактор да мөңгүлөрдү эритип жатканын белгиледи:
"Изилдөөсүз, мониторинг жүргүзбөй эле мөңгүгө жакын жерлерде кен казылып жатат. Тоо-тектери, зыяндуу калдыктар рекультивация болбой, ачык калууда. Буга Кумтөрдөгү Муз-Төр, Загара кени мисал. Бул мөңгүлөрдүн абалы ошол кыркадагы башка мөңгүлөргө да таасир этти. Чаткал, Талас өрөөндөрүндө да ушундай иштер жүрүп жатат. Мындай процесстерди инструменталдык ыкма менен изилдеген окумуштуулар бизде аз. Кыргызстанда 8146 мөңгү болсо, ондой гана мөңгүнүн изилдениши жалпы абалды бере албайт”.
Аба ысыганда кырсык көбөйөбү?
Атласта белгиленгендей, абанын температурасынын көтөрүлүшү менен табигый кырсыктардын саны көбөйгөн. Өлкөдө орто эсеп менен 200 өзгөчө кырдаал катталса, анын 90% суу ташкындары, жер титирөө, жер жана кар көчкүлөрү. 2012-2018-жылдар аралыгында мындай кырсыктан өлкөнүн тарткан чыгымы 27 млн долларды түзгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында, 2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашкан.
Эколог Бактияр Асанов буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде климат өзгөрүп жатканда өкмөт алдын алуу иштерине маани бериши керектигин айткан:
“Жер шарында жамгыр мурда себелеп жаап келсе, азыр бир жерге куюп салып, ал топуракка сиңбей, сел жүрүп жатат.. Ошол эле маалда дүйнөнүн башка бурчунда кургакчылык өкүм сүрүүдө. 2024-жылы 300дөй сел жүрүптүр. 2050-жылга чейинки прогнозду карасак, абал дагы курчуйт. Акыркы 100 жылда абанын температурасы 1,6 градуска жогорулайт. Кыргызстан мындай шартта эмне кылышы керек? Сел көп жүрүп жаткан айылдарды изилдеп, жайыттарды сактап, үйлөрдү пландоого маани берүү зарыл. Мал-жанды туура бакканды үйрөнүшүбүз керек. Дренаждарды салып, дамбаларды тазалап, ишке киргизүү шарт. Анан бак-дарактарды кыйбай, ордуна жашыл өсүмдүктөрдү көбөйтүү зарыл. Бак-дарактардын тамыры жер кыртышын кармап, селди тосуп турат. Өсүмдүк бар жерде жөн эле суу агат. Бак жок жерде суу жер кыртышын кошо агызып, анын кесепети да оор болот".
БУУнун айлана-чөйрө боюнча Атласында Кыргызстанда токой аянттарынын 6,2-6,9 пайызга чейин көбөйгөнү жакшы көрсөткүч катары белгилеген.
2000-жылдары 0,5 млн гектар токой болсо, 2023-жылы аянт кеңейип, 1,5 млн гектарга жеткен. 2040-жылы алардын санын дагы 10% көтөрүү каралып жатканы жазылган.
Кыргыз бийлиги Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштап келет.
Мындан тышкары 2022-жылы 12-мартта Кыргызстандагы "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын" алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганы жарыялаган. Ага ылайык, өткөн жылы 1434,4 гектар жерге 788066 даана түп дарак отургузулган.
Жалпы программа кабыл алынгандан бери 7 миллион бак-дарак отургузулуп, 4,3 гектар аянттагы бак көрктөндүрүлгөн. Бирок айрым эксперттер бак-дарактар отургузулганы менен каралбай, куурап калып жатканын айтышат.
Ашууга жакын өрүк, Ак-Талаада дарбыз быша баштады
Соңку жылдары күндүн ысышы Кыргызстандын суук айылдарынын климатын өзгөртүп жатканын жергиликтүүлөр да айта баштады. Талас районундагы Өтмөк ашуусуна жакын айыл 20-30 жыл мурда өрөөндүн эң суук аймак катары эсептелчү.
Деңиз деңгээлинен 2040 метр бийик Талды-Булакта акыркы жылдары өрүк быша баштады.
Айыл тургуну Жүзүр Өзүбеков тоолор мурдагыдай агарбай, кар аз жаап калганын айтууда:
“Айылды курчаган тоолордун чокулары жайдыр-кыштыр агарып турчу. Жаңы жылды кары жок өткөрөбүз деген ой жок болчу. Муз өркөчтөнүп тоңчу. Азыр суу үстүндө муз жука, кар дээрлик жок. Глобалдык ысыктын таасири тийип жатат окшойт. Суу азайды. Өткөн жылдары кургакчылыкта дарыядагы суу аябай тартылып кетти. Быйыл суу тартыш болчудай, анткени тоо башында кар жок. Биздин айылда мурда сел жүрчү эмес, өткөн жылы жамгыр катуу жааганда өмүрү суу акпаган сайдан суу акты”.
Климаттын өзгөрүшү Кыргызстандагы кышы катаал Нарында да сезиле баштады. Жергиликтүү журналист Адилет Сагыналиев Ак-Талаа районунда кышкысын кар аз жаап, жайкысын дарбыз быша баштаганын айтууда:
“Бир кезде бир метрдей кар жаачу. Акыркы жылдары 10-20 сантиметр эле жаап калды. Айылды курчаган көк зоолордо мурда жайкысын дагы аппак кар жатчу. Азыр чокуларда эле болбосо, кышкысын кар жок. Жылдан жылга сугат суу тартыштыгы курчуп жатат. Бир топ сайлар кургап, какшып турат. Мурда Ак-Талаада арпа-буудай эле өсөт десек, күн ысыгандан бери дарбыз быша баштады. Былкылдаган саздар кургап, булактар соолуп калды. 20-25 жыл мурда мындай эмес эле. Азыр мына күн бүркөлүп, аркырап шамал согуп турат. Жердин баары чаң. Кош-Дөбө деген тоого жакын эле айылда кар болбосо, быйыл көп деле жааган жок. Терек-Сай, Жаман-Дабан деген дарыяларда суу тартылды. Мурда сугат эки жолу болчу. Азыр бир жолкуга да жетпей калды”.
Кыргыз бийлиги өлкөдөгү мөңгүлөрдүн көлөмү соңку 70 жылда 16 пайызга кыскарып, айрым аймактарда дээрлик жок болуп кеткенин эл аралык коомчулукка билдирип келет.
Буга чейин Тоолорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыккан жана аткарыла турган иш-чаралар 2023-жылы декабрда аныкталган. Ага тоо экосистемасын коргоо, тоолуу аймактарды өнүктүрүү, туруктуу айыл чарбасына, суу чарбасына багытталган пландар кирген.
Кыргызстанда 2023-жылы июль метеобайкоо жүргүзүлө баштагандан берки тарыхтагы эң ысык ай деп табылган. Анда күн адаттан тыш ысыгандыктан айрым жерлерде сугат суу жетишпей калган. Таластагы Киров суу сактагычына топтолгон суунун көлөмү соңку 30 жылдагы эң төмөнкү чекке түшүп, аны пайдаланган Казакстан 13 райондо өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.
"Азаттыктын" даректүү тасмасы: 50 жылда майда мөңгүлөр жоголот
Шерине