Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:34

"Борбор Азияда абанын табы 1-3 градуска көтөрүлдү"


Кыргызстандагы мөңгүлөр.
Кыргызстандагы мөңгүлөр.

Жыл башынан бери Кыргызстандын бир катар аймактарында утур-утур сел жүрүп, адам өмүрү кыйылган учурлар да катталды. Табият кырсыгынын көбөйүшү эмне менен байланыштуу? Алдыда кандай өзгөрүүлөр күтүлөт жана анын алдын алуу, даярдык иштери кандай жүрүшү керек?

Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев менен маектештик.

- 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам дагы Кыргызстандын бир катар аймагында сел жүрүп, мунун айынан Кадамжайда жаш бала каза болду. Быйыл буга чейин да жылдагыдан көп жаан жаап, сел жүрүп жатканы байкалууда. Бул эмнеге байланыштуу?

- Биз климаттык өзгөрүү шартында жашап жатабыз. Жаратылыш бири-бирине көз каранды болгон чынжырча кубулуштардан турат. Кыргызстандын шартын алсак, Тянь-Шань тоолорунда жана Борбор Азиянын ысыгыраак аймактарында абанын табы 1-3 градуска көтөрүлдү. Айрым жерлердеги ысык 3 градустан да өтөт. Ушунун айынан деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикке чейинки жерлердеги мөңгүлөр тынымсыз эрип жатат. Ошол мөңгүлөрдүн астында жарылып кетиши мүмкүн болгон бийик тоолуу көлдөр пайда болуп жатат. Быйыл жаанчыл болуп, нөшөрлөп жааган жаандан улам ошол көлдөр ташып, селдин көп жүрүшүн шарттап жатат.

Жаратылышта кандай кубулуш болорун эч ким так айта албайт. Классик изилдөөчүлөр: “Дарыя суусу – климат жумушунун жыйынтыгы”, - деп коюшат. Бир-эки жумадан бери түштөн кийин эле заматта булуттар пайда болуп, тоону көздөй баратканын көрүп калып жатабыз. Алар ошончо көп нымды кайсы жерге, канча көлөмдө жаан кылып төгөрүн эч ким айта албайт. Нөшөрлөгөн жаан Баткенде жана Боомдо болду. Адатта бир жарым айдын нормасын бир-бир жарым сутканын ичинде төгүп салганда, ушундай сел жүрөт. Бул ишти алдын ала эч ким айта албайт. Бирок зыянды азайтуу үчүн жасай турган иштер бар.

- Кандай иштер жүрүшү керек?

- Бул жаатта иш алып бара турган мамлекеттик мекемелер бар. Суу ресурстары жаатында ирригациялык жумуштар аткарылып, арыктар тазаланып, жүргөн сел ошол арыктардан, каналдардан өтүп кете тургандай болушу керек. Мындан тышкары чакан суу сактагычтардын келген сууну батырып ала турган резервуарлардын болушу маанилүү. Боом капчыгайы жана Ош-Бишкек жолундагы сел жүргөн аймактарда атайын тосмолор курулуп калса жакшы болмок. Биздин божомолубуз боюнча, суу аздык кылган мезгил 6-7 жылда бир кайталанып келген болсо, 2013-жылдан бери тез кайталанып жатат. Өткөн эки жыл кургакчыл болсо, быйыл гана жаанчыл болуп жатат.

- Сиз аткарылышы керек болгон бир катар иштерди санадыңыз. Учурда алардын канчасы жүзөгө ашырылып жатканына, негизи эле бул жааттагы аракеттерге байкоо салып турасыздарбы? Өкмөт же мамлекеттик мекемелер сиздердин изилдөөлөрдү, сунуштамаларды эске алышабы?

- Кийинки 30 жылда Улуттук илимдер академиясына көңүл бурулбай, изилдөөчүлөрдүн, окумуштуулардын сунуштары эске алынбай келген. Соңку жылдары бизге кайрылып, сурай башташты.

Биз Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жай министрлиги менен кызматташып жатабыз. Мисалы, былтыр Боом капчыгайындагы көчкү боюнча кайрылышканда, 200 беттик сунуштама даярдап бердик. Токтогул, Чаткал ГЭСи боюнча да маалыматтарды даярдап бергенбиз. ӨКМге Чүйдө, Ысык-Көлдө, Чүйдүн Ала-Арча капчыгайындагы бийик тоолуу жерлердеги ташып кетиши мүмкүн болгон көлдөр боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, материалдарды бердик.

- Сел жүргөн аймактар боюнча сөз кылсак. Андагы айрым айылдардын тургундары буга чейин көптөн бери сел жүрбөй, нөшөрлөгөн жаан жаабай келгенин айтып жатышат. Мындай адаттан тыш көрүнүшкө байкоо жүргүзүүнүн жол-жобосу барбы? Мисалы, жаан-чачындын конкреттүү картасы сыяктуу материалдар колдонулабы?

- Муну менен негизинен Кыргызгидромет кызматы алектенет. Алар эки апта мурда аба ырайы тууралуу маалымат таратып турушат. Спутниктен жана өздөрүнүн ыкмалары менен алынган маалыматтарды жарыялашат. Ошол маалда жаандын багытын, анда жаан-чачындын масштабын, ылдамдыгын, кайсы жерлерди камтышы мүмкүн экенин айтып турушса болот. Ансыз деле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратып эле жатат. Бирок анда жаан жаай турган жерлерди так көрсөтө алышпаса керек.

Буга чейин көп жаан жаабаган жерлерде суткалап жаан-чачын болуп, ошонун айынан сел жүрүп кеткен учурлар катталып жатат. Ошол жерлердеги каналдардын, арыктардын тазаланбаганы жана чоң көлөмдөгү сууну өткөрүүгө ылайыкташпаганы зыянга алып келип жатат. Кийинки кездерде бак-дарактардын азайып кетиши да сел кырсыктарына себеп болушу мүмкүн.

- Өзүңүз да белгилегендей, климаттык өзгөрүү процесси жүрүп турары анык. Бул өзгөрүүгө ылайыкташып, чакырыктарга туруштук берүү үчүн мамлекеттик масштабдагы иш-аракеттер кандай пландалышы керек?

- Президент Садыр Жапаровдун Тоолорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы боюнча программасы бар. Анын алкагында соңку үч жылда жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Мунун жыйынтыгы бир гана абанын тазарышына өбөлгө түзбөстөн, нөшөрлөп жаан жааган маалда сел, жер көчкү жүрүшүнө бөгөт да коёт. Ал эми суу жана кооптуу көлдөр боюнча изилдөөнү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы мекеме бизге буйрутма берди. Суу ресурстарынын 2000-2020-жылдар аралыгындагы өзгөрүүсү, канча дарыя агып жатканы, канча мөңгү калганы, жер астындагы суулар боюнча үч жылда изилденет. Мында Кыргызстандын учурдагы суу ресурстарын баалоого мүмкүн болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG