Мамлекет башчы Садыр Жапаров 20-21-мартта Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды. Маалыматка караганда, Жапаров Баткенде И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык окуу-дарылоо жана илимий комплексинин жана Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында кирпич заводдун ачылыш аземдерине, Ош шаарында Ноорузду майрамдоого катышат.
Ал Нооруз майрамына карата куттуктоосунда чек ара маселесин чечүүнү жана Баткен облусун калыбына келтирип, коопсуздукту камсыздоо - эң башкы улуттук маселе экенин белгилеген.
19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады. Мыйзам долбоору үч окууда бир каралып, добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан бирөө гана - Султанбай Айжигитов каршы болуп, калганы макул деп добуш берди. (КЕ)
Шерине