Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

Орусия менен Украина бири-бирине абадан чабуул койду


Кропивницкий шаарына жасалган аба чабуулунан жабыркаган аялга куткаруучулар колдоо көрсөтүүдө, 19-март, 2025-жыл.
Кропивницкий шаарына жасалган аба чабуулунан жабыркаган аялга куткаруучулар колдоо көрсөтүүдө, 19-март, 2025-жыл.

20-марттын таңында Орусия менен Украина бири-биринин аймагына абадан чабуул койду. Соккулар АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин "жомоктогудай" деп мүнөздөлгөн телефон сүйлөшүүсүнөн көп өтпөй жасалды.

Ага чейин Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. 18-марттагы бир нече саатка созулган баарлашууда орус лидери Украинанын энергетикалык жана жарандык инфраструктураларына сокку урууну убактылуу токтотууга макул болгон.

Ал эми 19-марттагы Зеленский менен Трамптын сүйлөшүүсүн Ак үй "жомоктогудай" деп атады. Анда Америка президенти Украина үчүн дагы "Пэтриот" абадан коргонуу ракеталык системаларын берүүнү караштырууну убада кылды.

Украина абадан коргонуу каражаттарынын жетишсиздигинен улам шаарларын Орусиянын чабуулдарынан коргой албай кыйналып келет.

Зеленский 20-мартта X социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө түнкү жаңы аба соккулары Путиндин сөзү "пропаганда" гана экенин далилдегенин билдирди.

"Орусия пропагандалык билдирүүлөрүнө карабай Украинага соккуларын токтоткон жок. Күнү-түнү жүздөн ашуун дрон жана ракета атылууда. Ар бир ушундай чабуул менен Орусия дүйнөгө тынчтыкка болгон чыныгы мамилесин көрсөтүүдө," - деп жазды Зеленский.

Украин аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, 20-мартка караган түнү орус армиясы жалпысынан 171 дрон менен чабуул койгон. Алардын 75и атып түшүрүлгөн, ал эми 63 дрон электрондук согуш ыкмаларынын жардамы менен багыты бурулуп, бутага жетпей калган.

Украинанын Улуттук полициясы 20-мартта Кропивницкий шаарына жасалган аба чабуулунан кеминде 10 адам жаракат алганын, алардын төртөө бала экенин билдирди.

Сокку турак жайларга жана жеке үйлөргө зыян келтирген. Жараат алгандардын бир нечеси шашылыш медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканага жаткырылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG