2025-жылдын 1-январынан тартып мунай зат (майлоочу майларды кошпогондо), алкоголь жана тамеки продукцияларынан башка товардын түрлөрү үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылды. Салык кызматынан 20-мартта кабарлагандай, бул чечимди Министрлер кабинети кабыл алды. Мекеменин маалыматына караганда, 2027-жылдын 1-январынан тартып ЭТТК дары-дармектер жана медициналык буюмдар үчүн милдеттүү түрдө колдонулат.
1. ЭТТКны жокко чыгаруу жана товарларды эсептен чыгаруу: Мамлекеттик салык кызматынын ЭТТК модулунан мунай зат, алкоголь жана тамеки продукцияларын кошпогондо, бардык товарлар чыгарылат. Мунай зат, алкоголь жана тамеки продукциялары жок виртуалдык кампалар өчүрүлөт.
2. Маркалоо коддорун көрсөтүүдөн бошотуу: 2026-жылдын 1-апрелине чейин салык төлөөчүлөр алкоголь жана тамеки продукциялары үчүн ЭТТК модулундагы документтерге маркалоо коддорун көрсөтүүдөн убактылуу бошотулат.
3. Патенттин негизиндеги иштин жаңы түрү: Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун алкагында патенттин негизиндеги иштин жаңы түрү киргизилди. Бул базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан турак эмес аянттарды соода үчүн ижарага берүү. Салыктын өлчөмү 1 чарчы метр үчүн белгиленген ставка боюнча эсептелет.
4. Эсеп-фактураны жазып берүү мөөнөтү: 2025-жылдын 1-майынан тартып электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) товар жеткирилген күндөн тартып (калкка сатуу учурларын кошпогондо) 5 күндүн ичинде таризделиши керек. 0 %, 0,1 %, 0,5 % жана 1 % ставка менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча, ошондой эле өзгөчө режимдеги зоналарда соода ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр эми электрондук эсеп-фактуранын ордуна кагаз түрүндөгү жөнөкөйлөтүлгөн эсеп-фактураны колдоно алышат.
5. Кагаз түрүндөгү эсеп-фактураны милдеттүү берүү талабы: Электрондук эсеп-фактураны тариздөөчү салык төлөөчүлөр аларды кагаз түрүндө басып чыгарып, товарларды сатып алуу фактысын ырастоо үчүн сатып алуучуларга (Электрондук эсеп-фактура тутумуна катталбаган) берүүгө милдеттүү.
6. Электрондук-кагаз түрүндөгү эсеп-фактурага өтүү: 2025-жылдын 1-октябрына чейин салык төлөөчүлөр жөнөкөйлөштүрүлгөн эсеп-фактураны кагаз түрүндө тариздей алышат. Бул күндөн тартып электрондук-кагаз түрүндөгү эсеп-фактурага этап-этабы менен өтүү башталат.
Бул өзгөртүүлөр салыктык эсепке алууну жөнөкөйлөтүүгө жана бизнес үчүн административдик жүктү азайтууга багытталган.
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси ЭТТКны беш товарга гана - мунай заттарына, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге, дары-дармекке жана медициналык буюмдарга гана калтырууну сунуштаган. Бүгүнкү күндө ЭТТК 13 миңден ашуун ар кандай товарга колдонулат.
Мындан кийин президент Садыр Жапаров электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөнүн, анын сунушуна ылайык инструмент жеңилдетилерин билдирген эле.
Шыкмаматов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев былтыр 23-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде ЭТТК маселесине байланыштуу кайым айтышкан.
28-январда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков баштаган салыкчылар Кыргызстандагы ишканалардын өкүлдөрү жана эсептөө системасын иштеп чыгуу-коштоо менен алектенген компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, салык төлөөдөгү инструменттерди жөнөкөйлөтүүнүн жолдорун талкуулаган. (КЕ)
Шерине