Трамп Украинанын атомдук электр станцияларын АКШнын карамагына өткөрүп берүүнү сунуштаганын анын басма сөз катчысы Кэролайн Левитт Ак үйдөгү брифингде билдирди. Трамптын пикиринде, бул Украинанын энергетикалык объектилерин коргоонун жакшы жолу болмок.
Трамп украин президенти Владимир Зеленскийге: "АКШ электр энергиясы жана коммуналдык кызмат көрсөтүү багытындагы тажрыйбасы менен бул станцияларды башкарууда жардам бермек", - деген. Левиттин белгилешинче, бул сунуш Трамп менен Зеленский 19-мартта телефондон сүйлөшкөн учурда айтылды.
Трамп дагы, Зеленский дагы сүйлөшүүнү тынчтыкка эртерээк жетишүү үчүн позитивдүү жана "абдан жакшы" деп баалашканы менен украин тарап бул сунуш тууралуу кабарлаган жок. Эки тарап бири-биринин энергетикалык объектилерин бутага алууну токтотсо, ал элдешүүгө карай биринчи кадам катары каралууда.
Трамп менен Зеленский Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийин биринчи жолу телефондон сүйлөштү.
Мунун алдында АКШ президенти орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн.
Ак үй тараткан билдирүүгө ылайык, жетекчилер Украинадагы согушту токтотуу зарылчылыгын талкуулашкан. Лидерлер жаңжал бекем тынчтык менен аякташы керек деген орток пикирге келишти жана АКШ менен Орусия ортосундагы алакаларды жакшыртуунун маанисин белгилешкен.
Билдирүүдө президенттер тынчтыкка карай жол энергетикалык инфраструктура жайларына соккуларды убактылуу токтотуудан башталарын, Кара деңизде ок атууга чекит коюуну талкуулаган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашканы айтылган.
Кремлдин сайты орус президенти Трамптын 30 күнгө энергетикалык инфраструктураны бутага албоо сунушуна макул болгонун жазган.
Шерине