Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:07

"Багдад түрмөсүнөн кыздарды кайтарууга жардам бергиле". Ирактагы жакындарын күткөн энелер


Түрмөдө отурган келиндер. "Азаттыкка" кайрылган аялдар жөнөткөн сүрөт.
Түрмөдө отурган келиндер. "Азаттыкка" кайрылган аялдар жөнөткөн сүрөт.

Ирактын түрмөлөрүндө калган кыз-келиндердин он чакты ата-энеси кыздарын, туугандарын мекенине кайтарып келүүнү суранып бийликке кайрылды. Алар 2013-2017-жылдары радикал топтордун азгырыгына алданып кеткен кыз-келиндер кыйын кырдаалда калганын, арасында ооруп жаткандар бар экенин айтышууда.

Буга чейин кыргыз бийлиги исламчыл топторго кошулуп кеткен Сирия менен Ирактан 700дөй аял жана балдар алып келингенин жарыялаган. Ирактагы качкындар лагеринен кыргызстандык жарандардын 79 баласы 2021-жылы "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Бишкекке жеткирилген.

Өзүн Гүлбахор деп тааныштырган бул жарандын 42 жаштагы бир тууган сиңдиси 2017-жылдан бери Ирактын борбору Багдад шаарында түрмөдө экен. Анын төрт баласы 2021-жылы "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга кайтарылган. Гүлбахор күйөө баласы иштеп келүү үчүн чет өлкөгө үй-бүлөсүн кошо алып кеткенин, кийин алар кантип бул өлкөгө барып калганы беймаалым экенин айтып берди:

"Менин бир тууган сиңдим 2017-жылдан бери ошол жакта отурат. 2021-жылы балдарын алып келишкен. Балдары биздин колдо. Жолдошу иштейм деп үй-бүлөсүн кошо алып кеткен, анан кантип ал жакта болуп калганы түшүнүксүз. Сурагандан дагы корком, келгенде гана билем деп отурам. Азыр эми анча-мынча байланышка чыгат, бирок узак сүйлөшө албайбыз. Алар бардык жактан эле кыйын абалда, тамак-аш, кийим, медициналык каражат жагынан... Азыр биз балдарыбызды тезирээк, дарылап ала турган учурда алып келип алалы деп жатабыз. Биз түрмөнүн шартында Иракта каза болуп калышабы деп коркобуз. Алар туткунда болушкан да, канча мөөнөткө соттогонун деле билишпейт, тилин түшүнбөсө кол коюп берип коюшкан да. Балдарынын келгенине төрт жыл болуп калды. Өкмөткө деле рахмат, документтерин берип, мектепке киргизишти. Учурда Кыргызстанга көнүп калышты, бирок апа деген апа да, сагынышат. Мен бийликтегилерге Ирактын Багдад шаарында отурган кыздарыбыздын, туугандарыбыздын Кыргызстанга кайтуусуна жардам бериңиздер деп суранып атайын келдик. Биздин бийлик аракет кылып жатканын, бирок бул Ирак тараптан көз каранды экенин айтышты", - деди бир тууганын эстеп, үнү кыргылдана.


Ирактагы жакындарын кайтаруу ишин тездетип берүүнү өтүнүп, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин, андан соң Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитетинин имаратынын алдына он чакты ата-эне чогулду. Биринин кызы, биринин сиңдиси Ирактагы түрмөдө отурат. Алар тийиштүү мекемелерге барып, соңку жагдай тууралуу маалымат алуу үчүн атайын келишкен.

Колдору ичке, арык чырай, жоолукту ээктен байлаган эне Ирактагы соңку абалды түшүндүрүп жаткан атайын кызматтын өкүлүн үмүттүү карап турат.

Кычыраган чилдеде Оштон жол арытып келген апа Иракка кетип, түрмөгө түшүп калган кызын 11 жылдан бери көрө элек. Кызынын үч баласы азыр колунда экенин, алардын бирөө Иракка барган учурда 5 айлык болгонун айтып берди:

"Кыздарыбыз Иракта жатат. Алардын балдары президенттин аракети менен 2021-жылы Кыргызстанга келишти. Азыр неберелеримди багып отурам, апасы Иракта түрмөдө отурат. Эми апаларын дагы алып келип берүүсүн бийликтен сурап Оштон бир топ ата-эне келгенбиз. Кызымдын кеткенине быйыл 11 жыл болуп жатат. Алар биринчи кеткенде Түркияда, Измирде жашашты. Эмне болуп Иракка өтүп кетишкенин билбейбиз. Үй алабыз деп иштегени кетишкен эле. Үч баласы келген. Мен деле карып калдым. Ошон үчүн өздөрүнүн энеси келсе жакшы болот эле. Мен баары бир өздөрүнүн энесиндей мээрим бере албайт экенмин. Эне мээрими жетпей жатат аларга, күтүшөт, сагынышат... Ушул багытта иштеп жаткан бийлик өкүлдөрүнөн кыздарыбызды алып келип берүүңүздөрдү суранам".

Бул эненин кызы 38де экен. Ата-энелердин айтымында, Ирактагы түрмөдө отургандардын улуусу 68 жашта болсо, кичүүсү 26 жашта. Айрымдары 10-20 жылга, кээ бири өмүрүнүн акырына чейин кесилген же өлүм жазасына өкүм кылынып, кийин жазасы жеңилдетилген.

Тышкы иштер министрлиги Ирактын абактарында кыргызстандык 41 жаран "Ирактын аймагындагы террордук ишмердиги үчүн" соттолуп, кармалып турганын 2023-жылы маалымдаган.

2021-жылы мартта "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен кыргызстандык жарандардын 3-18 жаштагы 79 баласы кайтарылган. Тышкы иштер министрлиги Ирактын абактарындагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча комплекстүү иштер жүрүп жатканын маалымдаган. Эки жыл мурда Ирактан жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн эки кыргызстандык жаран алып келинген.

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Өткөн айда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” маек куруп, Сирия, Ирактан үч жылдын ичинде 700гө жакын аял, балдар алып келингенин билдирген. Ал Кыргызстан эл аралык уюмдардын жардамы менен Сирияда калган жарандарын мекенине алып келүү иштерин улантарын айткан:

"Азыр ушунча киши деп так санын айта албайбыз. Жарандык согуш маалында 700дөй киши кеткен деп жүргөнбүз. Андан бери көптөгөн бала-бакырасын алып келдик. Үч жылдын ичинде 700гө жакын балдарды жана аялдарды алып келдик. Бул иш алты этап менен жүрүп, бул жакта реабилитациялык иштерди жүргүздүк. Ал жакта төрөлгөн балдар кыргызча да билбейт, эч качан медициналык жардам да алган эмес, билими да жок. Ошолордун баарын бир сыйра эки-үч айда борбордо кармап, дарыгерлердин, социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө кармап, жада калса муфтияттын кызматкерлерин да тартып, иш алып бардык. Алар азыр үйүнө жөнөтүлдү, туугандары менен жүрүшөт. Эми ал балдарды билимге, мектепке тартышыбыз керек. Президент ушул көйгөйдү өзү көтөрүп, катчылык бул иштерди бүтүрүп алдык. Эми ар кайсы жерден 4-5тен кыргыз жарандары чыгып жатат. Айрымдары келбейбиз деп жатышат. Кээ бирөөлөрү узак мөөнөткө абакка кесилип кеткен. Жакында ЮНИСЕФ менен биргелешип, Сириядан 4-5 баланы алып келели деп аракет кылып жатабыз. Мамлекет катары өз милдетибизди аткаралы деп жатабыз. Жаш балдарда кандай күнөө? Талаадан же бул жактан жок болуп кала бермек. Мамлекет өз милдетин аткарып, алардын келечегине кам көрүп жатат", - деген Иманкулов.

Сирияда 30дай үй-бүлө Кыргызстанга келүүдөн баш тартышканы айтылды.

Терроризм жана коопсуздук боюнча эксперт, Женевада жайгашкан Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова бир канча жылдан бери Ирактагы жана Сириядагы чет элдиктердин жагдайын иликтеп жүрөт. Ушу тапта Ирактагы түрмөдө отурган кыргызстандык аялдарды алып келүү оңой болбой турганын белгилейт. Ал түрмөдө балдарын Кыргызстанга жөнөтпөй, өздөрү менен алып калгандары дагы бар экенине токтолду:

Чолпон Орозобекова
Чолпон Орозобекова

"Ирактын түрмөлөрүндө балдары менен отурган дагы аялдар бар. Айрымдары балдарын бербей, жанында алып калышкан. 80дей бала алып келинген да. Ирак аларды соттогон, аялдардын ар биринин абакта жаза өтөө мөөнөтү бар. Ирак сот чечими боюнча мөөнөтү бүтүшүн күтүп жатышат. Эгер жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөр четинен өз өлкөлөрүнө кетип жатат. Ошондуктан бул жерде айтыш кыйын, анткени көп өлкөлөр Ирак менен сүйлөшүп көрүштү Бирок Ирак жарандарын бергенге макул болгон жок. Ал жакта аялдар ар кандай мөөнөктө соттолгон. 5-6 жылга абакка кесилгендердин мөөнөтү бүтөргө аз калды, ошолор чыгып кетет. Ал эми бүтө электерди алып келүү оор болуп жатат. Ал эми Сириянын лагерлеринде 60тай өлкөнүн жарандары бар. Буга чейин 100дөгөн аялдарды, балдарды алып келишти. Бул абдан чоң иш, бул ишти дагы улантат деп ойлойм. Сирияда бийлик алмашып, бул дагы кырдаалды татаалдаштырып жатат. Бийлик учурда реабилитация жана реинтегарция иштерин улантыш керек", - деди Орозобекова.

Соңку ирет 2024-жылы 19-июлда “Айкөл-6” гуманитардык миссиясынын алкагында 22 кыргыз жараны Кыргызстанга жеткирилиген. Алардын 8и аялдар жана 14ү балдар экени айтылган.

Сириядан жана Ирактан келген аялдар менен балдарды реабилитациялоо милдети Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жүктөлгөн. Кыргызстанга кайтып келгендер менен атайын борбордо эки-үч ай аралыгында психологдор, теологдор, социалдык жана медициналык кызматкерлер иштешет. Кийин алар туугандарына өткөрүп берилген.

Былтыр ноябрда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери АКШ Сирия менен Ирактан кыргызстандык аялдар менен балдарды өлкөгө кайтарууга жардамын улантууга даяр экенин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 2018-жылдагы маалыматында айтылгандай, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. Алардын туугандары көпчүлүк келиндерди күйөөлөрү алып кеткенин билдиришкен. Кийинчерээк бир тобу качкындар лагерлерине түшкөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG