Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:36

Садыр Жапаров: “Курманбек Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели” деп жатышат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынарын айтты.

Бул тууралуу мамлекет башчы 11-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген чакан маегинде билдирди. Садыр Жапаров Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевге чыккан өкүмдү эч ким өзгөртө албай турганын, ушундан улам аларды Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып жатышканын кошумчалап, Курманбек Бакиев боюнча да комментарий берди.

“Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Эгер камабасаңар өткөрүп берели” деп жатышат. Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. “Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз” дешти. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаларды бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиардаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон? Максимдин кеңсесинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон? Апрель, Июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. “Кантип эле ушул турган Москва менен Минскиден алып келе албай жатасыңар” деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы. Жалган маалымат тараткандар ушул сүйлөшүүлөрдүн чет бучкагын укса керек”, - деди президент.

Кыргызстандан чет өлкөгө күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров жеке булактарына шилтеме берип, “Максим Бакиев Кыргызстанга учуп келгенин, аны УКМКнын кызматкерлери коштоп жүргөнүн” Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул маалыматты четке каккан.

Январь айынын башында “мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев Кыргызстанга келгени” тууралуу маалымат тарап, Ички иштер министрлиги аны төгүнгө чыгарган.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

“Апрель окуясы” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.

Бакиев жана анын үй-бүлөсү Беларустун башында турган Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын аларды экстрадициялоо өтүнүчүн расмий Минск четке каккан. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG