Заманабыздагы чыгаан кыргыз таануучулардын бири Мамбеттурду Мамбетакундун 60 жылдык мааракесине арналган тарыхчынын блогу.
Украинадагы согуштан улам чет өлкөдө жашаган атактуу ырчы Алла Пугачеванын 3,5 сааттай маеги орус тилдүү Интернетте башкы темага айланды. Мурдагы СССРдин эстрада жылдызы, композитор, таланттуу актриса Пугачеванын таанымал блогер Катерина Гордеевага курган маегин тез эле 20 миллиондой киши көрдү.
Жакында Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги алмаштырылды. Жаңы эстеликти жаш скульптор Тамила Маматова жасаган. Аянтка орнотулгандан тартып эле коомчулукта, социалдык тармактарда ал тууралуу кызуу талкуу күч алды.
Кыргызстандагы таанымал демократ коомдук ишмер жана багбан ишкер Өмүрбек Абдырахманов 77 жашында дүйнө салды. Аны менен бир кезде “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылы” коомдук уюмунда чогуу жүрүп, кичүү үзөңгүлөшү болгон тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин маркумду эскерет.
Кыргызстан демократиялык кыймылы – КДК Советтик Кыргызстандын акыркы жылында түзүлүп, өлкөдөгү демократиячыл жараянды тездетүүгө үлүш кошкон алгачкы ири антикоммунисттик бирикме болгон. Уюм 1990-жылы 25-26-майда түзүлгөн. КДК тууралуу тарыхчы Махабат Марат кызы Жунусованын блогу.
Ичин өрт чалып, жалынын сыртка үйлөгөндөй оор, күйүттүү үшкүрүк болот. Чоң энемдин үшкүрүгү ушундай эле...
Борбор Азия климаттык өзгөрүүнүн оор кыйынчылыктары менен бет келүүдө.
Окуучу балдардын бири-бирин өлтүрүүгө чейин жеткен мушташы баарыбызды ойлонтуп жатат. Мунун негизги себептери деп мугалимдердин үнү угулбай, ата-энелер балдарынан алыстап, мектепке бүтүндөй коом жетиштүү көӊүл бурбай жатканы айтылууда.
Дагы жүктөңүз