Орус полициясынын маалыматына караганда, шектүү катары жубайлар, баланы төрөгөн түркмөнстандык келин жана акушер-гинеколог кармалган. Кыргызстандык жубайлар түркмөнстандык келиндин баласын асырап алууну сүйлөшүп, ага 10 миң рубль төлөп беришкен. Аларга документтерди мыйзамдаштырып алууга жеке клиникада иштеген акушер-гинеколог жардам бергени жана бул кызматы үчүн жубайлардан 150 миң рубль алганы кабарланды.
Орус Ички иштер министрлигинин өкүлү Татьяна Петрова буларды билдирди:
"Болжолдуу маалыматтар боюнча, Борбор Азия мамлекеттеринин биринин жараны кош бойлуу келин менен анын баласын сатып алуу тууралуу келишкен. Баланы жубайларга өткөрүп берген соң төрөгөн келинге 10 миң рубль которулган, андан кийин өтүк берилген. Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында Москва жана Щёлково шаардык полициясы тарабынан криминалдык схеманын катышуучуларынын баары кармалып, тергөө органдарына жеткирилип, процессуалдык чечимдер кабыл алынды. Азыркы тапта ымыркай Королёв ооруканасында", - деди ал.
Шектүүлөрдүн Орусиянын Тергөө комитетинде сурак берген видеолорун Москва облусунун полициясы жарыялады.
- Эмне үчүн кармалдыңыз?
- Бир кыз кош бойлуу болчу. Ал баласынан баш тартып жаткан. Мен ал баланы багып алайын дегем, - деп айтты сурак учурунда теги борбор азиялык деген киши.
“Московский комсомолец” басылмасы жубайлардын аты-жөнү Надира менен Кадырбек экенин жазды.
- Ал келин көз жарайын деп калган экен. Балага тарбия бергиси, аны өзүнө калтыргысы келген эмес. Биз муну жакшы мүмкүнчүлүк деп ойлогонбуз. Баланы асырап алгыбыз келген, - деп айтып жатты полиция тараткан видеодо шектүү жигит.
Орус полициясынын маалыматына караганда, кыргызстандык жубайлар асырап алгысы келген баланын энеси түркмөн кызы.
Кыргызстандыктар аны менен келишим түзүп, 10 миң рубль төлөп бергени айтылууда. Түркмөнстандык келин тергөөнүн суроолоруна мындай жооп узаткан:
- Баланын атасы кайда?
- Баланын атасы Краснодарда иштейт.
- Сиздин баланы берип жатканыңызга ал каршы эмеспи?
- Жок.
Орус полициясынын билдирүүсүндө, жубайларга баланы асырап алуу максатында документтерди мыйзамдаштырууга жеке клиникада иштеген акушер-гинеколог жардам берип, бул кызматы үчүн 150 миң рубль алган.
Полиция жубайлар менен дарыгер өз ара келишим түзүп атканда тартылган деген видеосун да жарыялады. Ал диалогдо акушер медициналык картаны бала багып алууну каалаган жана кыргызстандык экени айтылган келиндин атына жасап берерин айтып жатканын көрүүгө болот:
- Алмашуу картасын сенин фамилияңа жасайбыз. Анализдердин баарын жазам. Силер менде каттоодо турганыңарды алмашуу картасына жазып коём. Азыр төрөттү чакырабыз. Эртең менен бала жаткан тонду тешем. "Тез жардам" чакырам. Ал келин сенин паспортуң менен барат. Ага өзүңдүн паспортуңду бересиң.
- Ал жактан көйгөй жаралбайбы?
- Жаралбайт. Ал сенин паспортуң менен төрөтканага барат. Сенин алмашуу картаң менен, сенин фамилияң менен барат. Ага ал жактан баланын төрөлгөнү тууралуу маалымкат берет. Кийин ал маалымкат менен Жарандык актыларды каттоо бөлүмүнө барып, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк аласыңар.
Тергөө комитети бул дарыгер менчик клиникада иштей турганын маалымдады. Тергөө учурунда ал прокурордун суроолоруна төмөнкүдөй жооп берген:
- Сиз эмне үчүн кармалдыңыз?
- Алмашуу картасын келинге жазып бергеним үчүн кармалдым.
- Сиз картадагы маалыматтарды өзгөрткөнсүзбү?
- Ооба, ошондой.
- Бул ишти канчага жасадыңыз?
- 150 миң рубль.
"Азаттыктын" бул окуяга аралашканы айтылган кыргызстандык жубайлардын адвокаттары жана жакындары менен байланышуу аракетинен азырынча майнап чыга элек.
Түркмөнстандык келин качан төрөгөнү, окуя качан ачыкка чыкканы айтылган жок. Ымыркай азыр ооруканада, ал уулбу же кызбы, маалымат берилбеди. Кийинки тагдыры кандай болору да белгисиз. Маселе сот чечиминен кийин белгилүү болот.
Тергөөдө түркмөн келин баласын багууга дарамети жетпей тургандыктан ушундай кадамга барганын айткан.
Шектүүлөргө Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам сатуу” беренеси боюнча айып тагылганы белгилүү болду.
Бул берене менен айыпталгандарды үч жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Кыргызстанда да кош бойлуу учурунда же төрөгөндөн кийин баласын сатууга аракет кылган учурлар катталып турат, бирок укук коргоо органдары мындай фактылар боюнча статистика жарыялабайт.
Төрт жыл мурда Өзбекстандын Ички иштер министрлиги үч жыл ичинде өлкөдө бала сатуу боюнча 185 факты аныкталганын билдирген.
2019-жылы "Newsweek", "The Independent" басылмалары Орусияда көмүскө базарда сатылып жаткан ымыркайлар менен балдар тууралуу журналисттердин иликтөөсүн жарыялаган, анда бала сатуу боюнча кылмыштуу механизмдердин бетин ачышкан.
Москва, Санкт-Петербург сыяктуу ири шаарларда ымыркай орточо 6500 долларга сатылары, бул баа Орусиянын аймактарына, баланын расасына жана улутуна карап өзгөрө турганы белгилүү болгон.
Шерине