"Баарыбыз кошулуп ыйладык..."
"Эң жакшы окуган балдардын бири эле...", "Ата-энеси ажырашып кетип, өз апасы миграцияда, өгөй апасы менен чогуу турушчу деп укканбыз". Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Бел айыл аймагында бир нече күн мурда жерге берилген 12 жаштагы өспүрүм баланы тааныгандар мына ушинтип эскерип отурушат.
Бала окуган орто мектептин мугалими Диларом Мамырова көзүнө жаш алып, "Азаттыкка" мына буларды айтып берди:
“Менин сабагымда өтө аракетчил болчу. Биология сабагынан эң жакшы окуган балдардын бири эле. Жоро-жолдошторуна, кыздарга мамилеси жакшы болчу. Билбейбиз эми, кандайча мындай окуя болуп кетти. Классташтары, биз өзүбүз да кошулуп ыйладык".
Каргашалуу окуя 22-февралда болгон. Жакындары соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө макул болгон эмес. Натыйжада милиция сөөктү сыртынан бир сыйра карап, туугандарына өткөрүп берген.
Райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Айдаркановдун айтымында, милицияга маалымат баланы асынган абалда көрүп калган күбөлөрдөн түшкөн:
“Бел айыл өкмөтүнүн тургунун асынып турган абалында туугандары көргөн. Биздин кызматкерлер барып кароо жүргүзгөн учурда мойнундагы изден башка денесинде так аныкталган эмес. Териштирүү учурунда бала өгөй апасы менен чогуу турганы маалым болгон. Бала бир жаш учурунда ата-энеси ажырашып, ал атасы менен калган. Бир туугандары жана атасы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан. Бүгүнкү күндө тиешелүү материалдар чогултулуп, бала эмне себептен ушундай ишке барганын аныктоо боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө”.
Баланын өлүмүнүн себебин билүү үчүн милиция аны тааныгандардын баарын сураштырып жатат. Мугалимдер окуяга рэкетчилик себеп болушу мүмкүн деген сөздөрдү четке кагууда.
Бел айыл аймагынын социалдык кызматкери Гулиза Караева билим берүү мекемелери менен бир канча жолу жыйындар өткөрүлгөнүн, балдарды түрдүү кылмыштан, кырсыкка алып келүүчү иштерден оолак болууга чакырган иш-чаралар такай жүргүзүлүп келерин айтты. Адистин пикиринде, мында мектеп рэкетчилигине байланышкан маселе жок:
“Рэкетчилик боюнча көрүнүштөр болгон жок. Бирок алдын алуу багытында бир топ иш-чараларды биргелешип өткөрүп жүргөнбүз. Бул баланын үй-бүлөсү толук эмес. Ата-энеси мурда эле ажырашып кетишкен. Атасы, чоң ата, чоң энеси менен чоңойгон бала болчу. Апасы жөнүндө толук маалымат жок, аны миграцияга кеткен деп айтышкан”.
Өспүрүмдүн жакындарынан эч бир маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Алар камерадан сырткары сүйлөшкөндө баланын өз өмүрүнө кол салуусуна эмне себеп болгонун билбей турганын айтышты.
Өткөн жылы Ноокат районунун өзүндө эле төрт бала өз жанын кыюуга барган.
Бир айда тогуз өлүм
Ноокаттагы бул жүрөк зырылдаткан окуяны кошкондо Кыргызстанда февраль айы ичи 27-февралга карата алты окуучунун өлүмү суицид катары тергелүүдө. Милиция баштапкы маалыматтарга таянып бул окуялардын баарында тең өспүрүмдөр өз өмүрүнө өзүлөрү кол салганын айтып жатат.
Мындан тышкары соңку бир айда каза тапкан дагы үч окуучунун өлүмүнө теңтуштарынын зомбулугу себеп болгону маалымдалды.
26-февралда Ысык-Көл облусунун Түп районунда 13 жаштагы баланын сөөгү үйүнүн жанындагы уй сарайдан табылды. Ал асынып алганы айтылды.
24-февралда Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Буденовка айылында 17 жаштагы баланын өмүрү кыйылганы белгилүү болду. Милиция бул окуяны суицид деп атоодо.
21-февралда Ысык-Көл облусунда милицияга Каракол шаарында кароосуз калган имаратта белгисиз адамдын асынган абалдагы сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Ал 19-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан, апасынын арызынын негизинде издөөгө алынган 17 жаштагы өспүрүм баланын сөөгү болуп чыккан.
16-февралда Чүйдүн Токмок шаарында милицияга 16 жаштагы баланын сөөгү өз үйүнөн асынган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал мектепте жалаң бешке окуган, ар кандай олимпиадаларга катышып жүргөн бала болгону, чоң атасынын өлүмүнөн кийин "жашоого көз карашы өзгөргөнүн" жакындары айтып беришкени кабарланган.
5-февралда Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 18 жаштагы кыз жипке асынган абалда табылган, ал оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кыз өзүнө келбей ооруканада көз жумган. Кийинчерээк кыздын өлүмүнө шектүү адам кармалганы маалымдалган.
Жогорудагы суицид катары бааланып жаткан каргашалуу алты окуядан тышкары дагы үч үй-бүлө чүрпөсүнөн айрылып, айласын таппай турат. Төмөндөгү үч окуяда тең өлүмгө мектептеги зомбулук себеп болгону айтылды.
12-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Адылбек Султанов атындагы мектепте 9-класстын окуучусу жараат алып, ооруканада көз жумганы белгилүү болду. Анын алдында мектептин 9-классынын жана 11-классынын окуучулары ортосунда мушташ чыкканы белгилүү болгон. Өспүрүмдүн жакындары ал мектепте сабалып, ошондон каза болгонун айтышкан.
4-февралда Бишкектеги №72 мектептин 8-классынын окуучусу ооруканада үзүлдү. Ата-энеси бала 21-январда мектептин дааратканасында сабалгандан кийин эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөнүн билдирген. Кылмышка шектелип ушул эле мектептин окуучусу кармалган.
25-январда Чүйдүн Кант шаарында 16 жаштагы окуучу бала ооруканада көз жумган. Расмий маалыматка караганда, ал медициналык мекемеге 22-январда мушташтан кийин жеткирилген, операция жасалып, өмүрүн сактап калуу аракети көрүлгөн, бирок майнап чыккан эмес.
Билим берүү жана илим министрлиги бул окуяларга байланыштуу мугалимдер, жетекчилер жоопко тартылганын, түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүп турарын билдирген.
"Бул трагедия!"
Кырдаалдан улам 14-февралда ички иштер министри Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жыйын өткөрүп, өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун штатын көбөйтүү жана мектептерде өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кабинеттерин түзүү чечимине келишкен.
Маселе парламентте да көтөрүлүп, 26-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өкмөттү сынга алган жана жакын арада чукул жыйын уюштурууга чакырган.
“Министрлер кабинетинин төрагасы бардык министрлерди чогултуп, жыйын өткөрүшү керек. Бул трагедия! Беш-алты бала өлдү, арасында өз жанын кыйганы, сабалып каза болгону бар. Мамлекет, ата-эне үчүн баладан кымбат эмне бар? Эч нерсе жок. Ошондуктан түшүндүрүү иштери боюнча ички иштер, билим, маданият министрликтери ыкчам иштерди алып барышы керек”, - деди Акаев.
Түзүлгөн кырдаалга балдар менен иштеген адистер, психологдор да тынчсызданууда.
"Баланын таяна турган адамдары - атасы же энеси"
Педагог Асылбек Жооданбеков мындай окуялар балдарга көңүл бурбагандыктан болуп жатканын, аларга гумандуу мамиле керектигин айтууда.
"Тилекке каршы, өзүн өзү өлтүрүү же, илимий тил менен айтканда, суицидге өлкөдө жыл сайын жүздүн тегерегинде өспүрүм барып жатат. Бул ошол өспүрүмдөрдүн ач кыйкырыгы. Кыргызча айтканда, жансоогасы. "Мага көңүл буруп койгулачы!" деген кыйкырыгы. Мунун көптөгөн себептери бар. Бул жааттагы илимпоздор кээ бир учурда генетикалык себептен экенин да айтышат. Бирок бул өтө аз пайызда, миңден бири болушу мүмкүн. Балдар айла кеткенде жансоогалап өзүнүн жанын кыйып алып жатат. Ошондуктан балдарга гумандуу мамиле кылуу керек".
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 баланын өлүмү "өз жанын кыйган" деген негизде териштирилген.
Бирок алмончоктой уул-кызынан бир заматта ажырап калган ата-энелер, жакындары эгер мектепте чоңсунуу, рэкетчилик, зомбулук болбосо алар мындай кадамга бармак эместигин айтышкан.
"Азаттыкка" маек курган дагы бир адис, Бишкек мамлекеттик университетинин Психология кафедрасынын окутуучусу, өспүрүм балдар психологу Жакшылык Жыргалбеков маселеге комплекстүү негизде караш керектигин айтты. Балага жардам берүүнүн эң жөнөкөй жолдорунун бири аны менен жөн гана сүйлөшүү экенин белгилеген адис Кыргызстанда психологго баруу маданияты да калыптана электигине көңүл бурду.
"Баланын таяна турган адамдары атасы же энеси болот. Ата-эне балага тарбия берүүдө аны катуу кармайм деп ойлоп, өзүнөн алыстатып алат, бала ичиндегисин айтпай калат. Айрымдар болсо баланы өз жайына коёт, ал бош убактысында каалаганын кылат. Бул да туура эмес тарбия. Ортолукту тандаган ата-эне гана ийгиликке жетет", - деди ал.
Шерине