Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Бишкекте зордуктоого шектелген беш киши эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 1-марттагы токтому менен кыз зордуктоого шектелген беш адам 28-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүүлөрдү камоо өтүнүчүн сотко Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөөчүсү берген.

Жабырлануучу 28-февралга караган түнү борбордогу көңүл ачуучу жайлардын биринде беш адам аны белгисиз тарапка алып барып, зордуктаганын айтып арызданган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кармалган беш адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Свердлов райондук милициясы социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган видеодо беш киши кызды белгисиз жакка көтөрүп баратканын көрүүгө болот.

Февраль айында Бишкекте кызды зордуктап, өлтүргөн деген айып менен үч киши кармалган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG