Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Судьялар кеңешинин жаңы курамы шайланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-мартта судьялардын XIII курултайында Соттор кеңешинин 15 мүчөдөн турган жаңы курамы үч жылдык мөөнөткө шайланды.

Судьялар кеңешине Жогорку соттун судьялары Турсунгүл Чаргынова, Аида Сейдакматова, Конституциялык соттун судьясы Лунара Жолдошева, Бишкек шаардык сотунун төрагасы Таалайбек Абыкеев, Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Надырбек Токтосунов, Биринчи май райондук сотунун судьясы Мелис Болотбаев, Чүйдүн Сокулук райондук сотунун судьясы Уулкан Осмоналиева, Чүйдүн административдик сотунун төрагасы Таалайбек Даркимбаев, Ош шаардык сотунун судьясы Галина Шин, Ош облустук сотунун судьясы Миргүл Жаналиева, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Канат Аманов, Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Азамат Алдашов, Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров, Ысык-Көл облустук сотунун судьясы Нуркалый Асанбаев жана Талас райондук сотунун төрагасы Бакытбек Жаназаков кирди.

Андан тышкары 26 сот Судьялар кеңешинин резервдик тизмесине шайланды.

Соттор кеңеши Кыргызстанда судьялардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган иштерди алып барат. Соттордун бюджетинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт. Ошондой эле иштеп жаткан жана мурдагы сотторду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселелерин карап, президентке судьяны кызматтан алуу сунушун киргизет.

14-февралда Жогорку сотто коррупцияга каршы күрөшүү маселесине арналган жыйын өткөн. Төрага Медербек Сатыев судьяларды мыйзамдуу, негиздүү чечимдерди кабыл алууга, кынтыксыз иштөөгө жана жемкорлукка жол бербөөгө чакырган. Төраганын орун басары Нурлан Мусаев 2023-жылы кынтыксыз эмес иши үчүн сегиз судья кызмат ордунан четтетилгенин, иштеп жаткан жана мурдагы алты судьяны кылмыш жообуна тартууга макулдук берилгенин, үчөө жоопко тартылганын билдирген. 2024-жылы, Мусаевдин айтымында, Судьялар кеңеши 9 судья боюнча макулдук берип, беш судья кылмыш жообуна тартылды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG