Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Трамп ХАМАС барымтадагыларды тез арада бошотпосо, аны "жок кыларын" айтты


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп эгер АКШда жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу барымтадагы израилдиктерди тез арада бошотуп, каза болгондордун сөөгүн өткөрүп бербесе уюмду "жок кыларын" айтып коркутту.

Truth социалдык түйүнүнө ал Израилге "ишти аягына чыгаруу" үчүн керектүү нерсенин баарын жөнөтүп жатканын жазды. "Мен айткандай кылмайынча ХАМАСтын бир дагы мүчөсү коркунучсуз болбойт”, - деп белгиледи.

Трамп согушкерлердин барымтасынан бошотулган, ХАМАС өмүрүнө коркунуч жараткан адамдар менен жолукканын айтып, радикал топтун жетекчилигинен Газа тилкесинен "кеч болуп кала электе" тез арада чыгып кетүүнү талап кылды.

Трамп Газанын тургундарына кайрылып, эгер алар эч кимди барымтада кармабаса "жаркын келечек" болорун убада кылды. "Эгер уланта берсеңер, анда силер өлүксүңөр. Акылыңарга келгиле", - деп жазды ал.

28-февралда ХАМАС АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрүнөн турган арачылар келишимдин мындан аркы баскычтары ишке кирет деген кепилдик бермейинче биринчи этапты узартууга көнбөй турганын билдирген.

Израил бийлиги тараптар ортосунда 19-январда күчүно кирген макулдашууга таянып, мындан аркы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса 1-марттан кийин кайрадан ок атууга укуктуу экенин эскерткен.

Ал келишим Газада 15 айга уланган согушту убактылуу токтоткон. 42 күнгө созулган биринчи баскычта 33 киши согушкерлердин барымтасынан кое берилип, эки миңдей палестин Израилдин абактарынан чыгарылган.

Маалымат каражаттары ХАМАСтын колунда болжол менен 24 киши жана каза болгон 39 израилдиктин сөөгү бардыгын жазды. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG