Президент Садыр Жапаров чакан гидроэлектрстанциялары (ГЭС) салынып жаткан аймактардагы элге кайрылып, курулуш иштерине тоскоол болбоого чакырды.
Мамлекет башчы бул тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасында 5-февралда билдирүү кылып, ушул тапта Кыргызстанда 40 чакан ГЭС 312,5 млн кВт саат электр энергиясын өндүрүп жатканын жазды. Андан тышкары дагы 37 чакан ГЭСтин курулушу башталганын, быйыл 18 чакан ГЭС ишке берилерин кошумчалады.
Ошондой эле 5624 мВт түзгөн күн жана шамал станцияларынын курулушу башталарын билдирди.
“Айтайын дегеним, өлкө боюнча массалык түрдө чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактарда жергиликтүү калк тараптан бут тосуулар болуп жатат. “Суубузду кирдетип жатасыңар” дешип, жол тосуп, курулушчуларга тоскоолдуктарды жараткан учурлар катталды. Урматтуу мекендештер! Биз суу башында туруп 3 миллиард кВт саат электр энергияны импорттогон мамлекетпиз. Импорттолгон электр энергиянын баасы 1 кВт саатына 3 сом 50 тыйынды түзөт. Бүгүнкү күндө элге берилип жаткан электр энергиясынын баасы 1 сом 11 тыйын. Ортодогу 2 сом 39 тыйын айырманы республикалык бюджеттен субсидия кылып жатабыз. Бүгүнкү күндө бюджеттен 8,5 миллиард сом чыгым кылабыз. Бул акча – ар бир кыргызстандыктын акчасы, салыктан түшкөн акчалар. Ушундай каатчылыкты жок кылыш үчүн, 2021-жылдан баштап массалык түрдө чакан жана орто ГЭСтердин курулушун баштаганбыз”, - деди президент.
Садыр Жапаров бир чакан ГЭС үч айдын аралыгында курулуп бүтөрүн, ушундан улам элди убактылуу ыңгайсыздыкка чыдап коюуга чакырды.
Кыргызстан жыл сайын 17,5 млрд кВт саат электр энергиясын колдонот деп эсептелсе, анын 14,8 миллиарды гана өлкөдө өндүрүлөт. Калган айырманы импорттун эсебинен жабууга туура келет жана электр жарыгын Түркмөнстандан, Казакстандан, Орусиядан жана Өзбекстандан сатып алат.
Энергетикадагы абалга көз салган адистер бул тармакта коррупция жана мыйзамсыз аракеттер көп экенин айтып келишет. Бийлик мындай терс көрүнүшкө каршы күрөш жүрүп жатканын белгилөөдө. (BTo)
Шерине