Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Молдованын президенти орус элчисинин ишеним грамотасын бир нече айдан бери кабыл албай жатат


Орусиянын Кишиневдогу элчилиги
Орусиянын Кишиневдогу элчилиги

Молдованын президенти Майя Санду Орусиянын элчиси Олег Озеровдун ишеним грамотасын кабыл албай койду. Дипломат бул кызматка былтыр сентябрда дайындалган. 5-мартта орус Тышкы иштер министрлиги Молдованын Москвадагы элчиси Лилиан Дарийди чакырып, дипломатиялык алакалар тууралуу Вена конвенциясын «бузуунун себептерин» түшүндүрүүнү талап кылды.

Өткөн айда Санду орусиялык расмий адамдардын «сыйлабаган билдирүүлөрүнөн» улам ишеним грамотасын кабыл ала электигин билдирген.

«Москвадагы расмий өкүлдөр Молдова тууралуу мындай урмат-сыйга жатпаган билдирүүлөрдү жасаган маалда Орусиянын өкүлүн чакырууга болбойт», - деп айткан президент.

Молдованын Тышкы иштер министри Михай Попшой 21-февралда Би-Би-Сиге берген интервьюда президенттин айтканын кайталады.

Ал эми Санду администрациясы элчини качан кабыл аларын кийинчирек чечерин билдирди.

Озеров Молдовада өткөн октябрдан бери жүрөт. Ишеним грамоталары тапшырылгыча дипломатиялык өкүл кызматтарына расмий кирише албайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG