Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Түркмөнстан: Наам алууну каалаган көп балалуу аялдардын туугандарынын соттуулугу текшерилет


Ашхабад шаары
Ашхабад шаары

Түркмөнстанда көп балалуу аялдар жеңилдик жана наам алуу үчүн туугандары соттолгон эмес деген текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы – “Азатлык” радиосу жазды.

Балкан чөлкөмүндөгү булак айтып бергендей, “Эне мээрими” деген наам алуу үчүн үч муундагы жакындарынын соттуулугу жок деген справкасы ("үч арка") болушу керек. Андай талап быйыл киргизилди.

Аялдардын биримдигине түшкөн оозеки буйрукка ылайык, пенсиондук фонд наам алууну каалаган энелердин документтерин кайра карап чыгышы керек.

Ардактуу наам Түркмөнстанда 8-марттын алдында берилет. Президент Сердар Бердымухамедов тиешелүү буйрукка 28-февралда кол койгон. Лауреаттарга ардактуу төш белги, күбөлүк жана жаңы турак жайдын ачкычы же жер тилкеси тапшырылат.

Балкандын тургуну быйыл 8 же андан көп баласы бар аялдар февралдын башында эле тиешелүү документтерди чогулта баштаганын айтат.

«Ар бир балага жергиликтүү пенсиондук фонддон, акимчиликтен, жашаган жеринен документтер жана полициядан соттуулугу жок деген справка алуу зарыл. Андан кийин үч муундагы жакындарынын соттуулугу болуп-болбогонун текшерген анкета толтурулат. Ардактуу наам соттолгондор болбосо гана берилет», - деп айтып берди атын атабаган аял.

Талапкерлер ар бир үчүнчү үй-бүлөдө сот жообуна тартылган жакын туугандары болорун айтышат.

Ушундай эле справканы тартип коргоо органдарында же медициналык жайларда иштөөнү каалаган студенттерден, Аркадаг шаарында мүлк алууну көздөгөндөрдөн, чет өлкөгө чыккандардан, массалык иш-чараларга катышкандардан талап кылышат.

25 жыл мурун киргизилген мындай тартип, байкоочулардын айтымында, Конституцияга каршы келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG