Депутат Султанбай Айжигитов фракциядан чыгарылды
Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды. Ал парламенттин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан. Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.
УКМК террористтик топтун 30 мүчөсү кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 27-февралда Кыргызстанда жашыруун террористтик топтун 30 мүчөсү кармалганын билдирди. Атайын кызмат алардын иш-аракети чет өлкөдөн көзөмөлдөнүп, системалуу түрдө жашыруун жыйындарды өткөрүшүп, анда радикалдык идеологияны үгүттөп, террористтик ишти каржылоо үчүн каражат чогултуп турушканы аныкталганын кошумчалады. Радикалдык топтун максаты Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнө каршы жихад жасап, чиновниктерге, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы террористтик акцияларды пландаштыруу экени кабарланды. Шектүүлөр кайсы аймактан кармалганы жана кайсы террористтик топко тиешеси бар экени тууралуу маалымат берилген жок.
Бишкекте кыз зордуктоого шектүү беш адам кармалды
Бишкекте кыз зордуктаган деген шек менен беш адам – 25 жаштагы үч жана 24 жаштагы эки адам кармалганын милиция билдирди. Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) маалыматына ылайык, жабыркаганын билдирген кыз 28-февралга караган түнү борбордогу көңүл ачуучу жайлардын биринде беш адам аны белгисиз тарапка алып барып, күч колдонуп зордуктаганын айтып арызданган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кармалган беш адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Абхаз, армян номурлуу унаа ээлери акцияга чыкты
Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан келген автоунаалардын ээлери 5-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага нааразылык акцияга чыгышты. Акцияга чогулгандар машинелерди мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт сунуштаган 100 миң сомду төмөндөтүүнү, унааларга катталган аймагына жараша номур берүүнү жана рейддерди токтотууну суранып, президентке кайрылышты. Абхазиядан, Армениядан келген унааларды мыйзамдаштыруу март айында башталары айтылган. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттиги бардык автоунаа үчүн бир баа коюларын, унааны мыйзамдаштыруу үчүн алына турган жыйымдын болжолдуу баасы 100 миң сом болорун билдирген.
Пакистандагы теракт 12 кишинин, анын ичинде алты баланын өмүрүн алды
Жанкечти-террорчулар дүрмөттөлгөн машиналар менен коопсуздук кызматынын базасынын кире беришин барып сүзгөндө бери дегенде 12 карапайым кишинин, ичинде алты баланын өмүрү кыйылган. Рейтер тараткан маалыматка ылайык, орозо маалында базар кымгуут түшүп, мусулмандар ооз ачып же намазга жыгылып жаткан маалда болгон жардыруудан жакын жердеги мечиттин чатыры урап түштү. Жергиликтүү оорукананын өкүлү Мохаммад Науман өлгөндөр жана жарадар болгондордун бардыгы урандылардын астында калганын маалымдады. Шаршембиде Банну шаарында 4-марттагы теракттан каза тапкандар жерге берилди. Пакистандагы “Талибан” кыймылы менен байланыштагы уюм кол салууну уюштурганын мойнуна алды.
Одессага жана Херсонго урулган соккуларда адам өмүрү кыйылды
5-мартка караган түнү орусиялык дрондор Украинанын жер-жерине чабуул койду. Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Лиманка айылында 77 жаштагы киши каза тапканын маалымдады. Одессанын жака белинде бир нече жер там зыян тартты, облус борборунда маанилүү инфраструктура иштен чыгып, шаардын бир бөлүгүнө суу, электр жарыгын, жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады. Орусиянын армиясы ошондой эле Белгород–Днестр районуна баллистикалык ракета менен сокку урганда санаторийдин ээн турган имараты талкаланганын облус губернатору билдирди. Украинанын Ички иштер министрлиги Одессадагы кыйроолорду масштабдуу деп баалады. Ушул эле түнү орус аскерлери Херсондо эки районду аткылады. Аймактын башчысы Александр Прокудин 55 жаштагы тургун жарааттардан набыт болгонун, бир нече киши жараат алганын билдирди. Облус бийлиги бир суткада алты киши жабыркаганын кошумчалады.
АКШ Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү токтоткону кабарланды
Бул тууралуу өз булактарына таянып, британиялык Financial Times (FT ) гезити жазды. Кийинчирек муну АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын директору Жон Рэтклифф тастыктады. Гезит чалгынчылар бөлүшкөн маалыматсыз украин куралдуу күчтөрүнө орусиялык аскерлерге каршы эффективдүү согушуу кыйын болорун белгилейт. Ошол эле маалда Киевдеги расмий адамдардын бири Bloomberg агенттигине билдиргендей, Украина АКШдан чалгын маалыматтарды алууну улантууда. FT булактарынын бирине шилтеме менен жазгандай, Вашингтон чалгын кызматтарынын Орусия жана Украинага байланышкан маалыматтары менен мурдагыдай эле бөлүшө берет. Буга чейин Daily Mail басылмасы АКШ Лондонго америкалык маалыматты Украинага өткөрүүгө тыюу салганын маалымдаган. 28-февралда Вашингтондо Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолгон.
Түркмөнстан: Наам алууну каалаган көп балалуу аялдардын туугандарынын соттуулугу текшерилет
“Азаттыктын” түркмөн кызматы – “Азатлык” радиосуна Балкан чөлкөмүндөгү булак айтып бергендей, “Эне мээрими” деген наам алуу үчүн үч муундагы жакындарынын соттуулугу жок деген справкасы ("үч арка") болушу керек. Андай талап быйыл киргизилди. Аялдардын биримдигине түшкөн оозеки буйрукка ылайык, пенсиондук фонд наам алууну каалаган энелердин документтерин кайра карап чыгышы керек. Ардактуу наам Түркмөнстанда 8-марттын алдында берилет. Президент Сердар Бердымухамедов тиешелүү буйрукка 28-февралда кол койгон. Лауреаттарга ардактуу төш белги, күбөлүк жана жаңы турак жайдын ачкычы же жер тилкеси тапшырылат.
Январда Өзбекстан алтын сатып алуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты
Дүйнөлүк алтын кеңешинин (WGC) маалыматында ылайык, январда кошуна өлкөнүн Борбордук банкы 8,1 тонна алтын алган. Ошону менен Өзбекстандын алтын запасы дээрлик 391 тоннага жетти. Бул жалпы резервдин көлөмүнүн 82% түзөт. Өзбекстандан тышкары эң көп алтын алган мамлекеттердин арасында Кытай жана Казакстан бар. Буга чейин кабарлангандай, жылдын алгачкы айында Өзбекстандын алтын запасы рекорддук чекке жеткени, 35 млрд доллардан ашканы маалымдалган. WGC маалыматына караганда, Кыргызстан январь айында тескерисинче 1,9 тонна алтын саткан.
Шерине