Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо келишимдери тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берди.
6-мартта жарыяланган маекте эки өлкөнүн чек ара маселеси түбөлүк чечилип жатканын айтып, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга байланыштуу парламенттеги сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди.
“Мисалы кечээки сөзүндө Ворухту айтып жатат. Биз 19 миң 500 гектар жер берип койгондой айтты. Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 миң 500 гектар жерди ээлеп турат. Муну бул киши жакшы билет. Өзү баткендик. Анысы аз келгенсип губернатор болуп да иштеген. Андан сырткары ворухтуктар 5 миң гектарды түзгөн биздин жайлоону пайдаланып келишкен. Ал жайлоого биздин жергиликтүү эл Ворух аркылуу гана баргандыктан бүгүнкү күнү эч ким пайдаланбайт. Ал жайлоого барчу башка жол жок. Ошол жайлоону толугу менен бизге таштагыла, ордуна биз силерге башка жерден беш миң гектар жер берели, алмашалы дешкен. Биз жок, баарын эмес, бир миң гектар гана алмашалы деп миң гектар калтырып, ордуна Чоң-Алайдан миң гектар жер жайлоо алдык. Ошону менен Ворух 15 миң 500 гектар менен токтоду. Бүттү. Мындан ары түбөлүк чекит коюлду. 14 миң 500 гектар илгертен берки карталар боюнча алар ээлеп келген жер. Муну билип туруп бул депутат манипуляция кылып жатат”, - деди президент.
Садыр Жапаров чек ара түбөлүккө чечилип жатканын жана эки тараптын кызыкчылыгы тең эске алынганын кошумчалады. Бардык иштер аяктагандан кийин айтыла турган маалыматтар бар экенин билдирип, Баткен районундагы Достук айылынын айланасындагы талкууга да токтолду.
“Ал эми Достук айылы боюнча. Достук айылы Ворухка дарбаза болуп турат имиш. Ворух каякта дагы Достук айылы каякта? Экөө эки башка жактарда турат. Ворухка Ак-Сай айылы дарбаза болуп турат. Мунун баарын бул киши беш колундай билет. Эки тарап тең стратегиялык максатты көздөп алмашууларды кылган жокпуз. Кайсы жерде дайыма чыр-чатактар чыгып кетип жаткан жерлерди алмаштык. Анткени алмашылган жерлер же анклав, же шахматтын тактасындай аралашып жайгашып калган, же чек араларыбызга чапташып турган айылдар. Биз деле алардын айылдарын алдык. Алардын эли деле өз бийлигин сындап жатканын көрүп турабыз. Эки мамлекеттин ортосунда чек ара чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы болбош керек”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов парламенттин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирген. Бул сөзүнөн кийин “Ыйман Нуру” аны фракциядан чыгарды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитетинин биргелешкен жыйынында Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.
Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.
2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп баары жаңыланган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштери тууралуу расмий Дүйшөмбү азырынча маалымат бере элек. (BTo)
Шерине