Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Пакистандагы теракт 12 кишинин, анын ичинде алты баланын өмүрүн алды


Пакистандагы кол салуудан кийин. Банну, 5-март, 2025-жыл
Пакистандагы кол салуудан кийин. Банну, 5-март, 2025-жыл

Шаршембиде Пакистандын түндүк-батышындагы Банну шаарында 4-марттагы теракттан каза тапкандар жерге берилди.

Жанкечти-террорчулар дүрмөттөлгөн машиналар менен коопсуздук кызматынын базасынын кире беришин барып сүзгөндө бери дегенде 12 карапайым кишинин, ичинде алты баланын өмүрү кыйылган. Рейтер тараткан маалыматка ылайык, орозо маалында базар кымгуут түшүп, мусулмандар ооз ачып же намазга жыгылып жаткан маалда болгон жардыруудан жакын жердеги мечиттин чатыры урап түштү.

Жергиликтүү оорукананын өкүлү Мохаммад Науман өлгөндөр жана жарадар болгондордун бардыгы урандылардын астында калганын маалымдады.

Атын атабоону каалаган аткаминердин айтымында, жардыруудан кийин калган согушкерлер комплекске кирип барууга аракеттенип, коопсуздук күчтөрү менен атышуу тутанды.

Канча аскер жабыркаганы маалымдалган жок.

Пакистандагы “Талибан” кыймылы менен байланыштагы уюм кол салууну уюштурганын мойнуна алды.

Баннуда аза күтүү жарыяланды. Шаар Ооганстан менен чек аралаш Хайбер-Пахтунхва аймагында орун алган. Ал жерде согушкерлердин кол салуулары көп болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG