Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Одессага жана Херсонго соккулар адам өлүмүнө алып келди


Одесса шаары. Архив.
Одесса шаары. Архив.

5-мартка караган түнү орусиялык дрондор Украинанын жер-жерине чабуул койду. Одесса облусунун губернатору Олег Кипер Лиманка айылында 77 жаштагы киши каза тапканын маалымдады.

Одессанын жака белинде бир нече жер там зыян тартты, облус борборунда маанилүү инфраструктура иштен чыгып, шаардын бир бөлүгүнө суу, электр жарыгын, жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.

Орусиянын армиясы ошондой эле Белгород–Днестр районуна баллистикалык ракета менен сокку урганда санаторийдин ээн турган имараты талкаланганын облус губернатору билдирди.

Украинанын Ички иштер министрлиги Одессадагы кыйроолорду масштабдуу деп баалады.

Ушул эле түнү орус аскерлери Херсондо эки районду аткылады. Аймактын башчысы Александр Прокудин 55 жаштагы тургун жарааттардан набыт болгонун, бир нече киши жараат алганын билдирди. Облус бийлиги бир суткада алты киши жабыркаганын кошумчалады.

Орусиянын маалымат каражаттары Одессада жарылуулар болду деп жазганы менен аларга пилотсуз учактардын соккулары тууралуу кабарлаган жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG