Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Султанбай Айжигитовду "Ыйман нуру" фракциясынан чыгаруу маселеси каралат


Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ыйман нуру" фракциясынын мүчөсү Султанбай Айжигитов 5-марттагы отурумда кыргыз-тажик чек арасы боюнча фракциянын эмес, өзүнүн жеке пикирин билдирди. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Динара Ашимова отурумдун соңунда айтып, депутат Айжигитовду фракциядан чыгаруу маселеси караларын маалымдады.

"Фракциянын 10 мүнөттүк убактысын мүчөбүз Султанбай Айжигитов суранып, пайдаланды эле. Бирок ал бул маселе боюнча биздин фракция менен макулдашпай туруп, азыркы учурдагы аялуу болуп жаткан, мамлекетке керектүү маселе тууралуу өзүнүн жеке оюн айтып, элге дүрбөлөң салганы үчүн аны фракциядан чыгарууну мүчөлөр сүйлөштүк. Түшкү тыныгууда фракциянын кезексиз жыйынын өткөрүп, өзүбүздүн чечимибизди кабыл алабыз", - деди Динара Ашимова.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ыйман нуру" фракциясынын мүчөсү Султанбай Айжигитов 5-марттагы парламент отурумунда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыкканын айткан. Ал “азыр сунушталып жаткан документ бекитилсе Тажикстан Ворух анклавына коридор алат” деп билдирген.

“Ворух анклавына коридор ачууга тоскоолдук кылган эки эле нерсе бар болчу. Биринчиси – Достук айылы. Тажиктер “Достук айылын толугу менен бизге бергиле” деп бекеринен талап койгон эмес. Биз ага макул болуп, бул тоскоолдукту алып коюп атабыз. Биз үчүн Достуктун стратегиялык мааниси – ошол коридорго жол бербей турганы. Андан тышкары чек араны ошол жерде жашап жаткан эл коргоп турат”, - деген ал.

Султанбай Айжигитов жерди алмаштырууда анын аянтына эле эмес, стратегиялык маанисине көңүл бурулушу керектигин айткан.

"Ыйман нуру" фракциясынын беш мүчөсү бар. Мурдагы лидер Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатын тапшыргандан кийин анын ордуна Динара Ашимова шайланган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG