Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

"Манас" аэропортунан жардыргыч зат табылган жок


4-март күнү саат 17:21де Чүй облустук ички иштер башкармалыгына (ОИИБ) "Манас" аэропортуна бомба коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда жардыргыч зат аэропорттун жанындагы автоунаа токтотуучу жайлардын биринде коюлган машинада экени айтылган.

Бул факт боюнча ОИИБде тергөөгө чейинки териштирүү иши жүргүзүлүп, атайын ыкчам-тергөө тобу аба майданына барган. Аэропорттун аймагы тосулуп, ичиндеги жүргүнчүлөр, аба компаниялардын кызматкерлери эвакуацияланган.

Милиция кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери менен чогуу жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында жардыргыч зат табылган эмес.

Маалыматка караганда, эвакуацияга карабай, каттамдар үзгүлтүккө учураган эмес. Аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.

Учурда жалган маалымат бергендерди издөө иштери жүрүп жатат.

4-март күнү Бишкектеги "Азия молл" соода борборуна бомба коюлганы тууралуу да маалымат милицияга түшкөнү кабарланып, борбордогу адамдар эвакуацияланган. Жыйынтыгында маалымат фейк болуп чыкканы айтылды.

"Манас" аэропортуна, Мбанкка, "Азия моллго" бомба коюлду деген маалымат былтыр жыл аягында да айтылып, текшерүү учурунда төгүндөлгөн.

2023-2024--жылдары Бишкектеги бир катар мектептерде, окуу жайларда бомба коюлганы тууралуу анонимдүү маалыматтар көбөйүп, окуу үзгүлтүккө учураган учурлар катталган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG