Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

Кытай жооп иретинде АКШнын импортуна 15% чейин тариф киргизди


Коллаж.
Коллаж.

Америка Кошмо Штаттары Кытайдан импорттолуучу товарларга бажы алымдарын 20% чейин көтөрдү. Кытай жооп иретинде АКШнын товарына 15% чейин кошумча тариф киргизди.

АКШнын президенти Дональд Трамп кытай товарларына бажы төлөмдөрүн 10 пайыздан 20 пайызга чейин көтөрдү. "Кытай мыйзамсыз баңги заттарын тыюуну жөнгө салуу үчүн адекваттуу кадамдарды жасаган жок" деп айтылат анын жарлыгында.

Документте сөз "синтетикалык фентанилдин Кытайдан АКШга тынымсыз агымы" жөнүндө болуп жатканы белгиленет. Бир ай мурун 4-февралда ушул эле себептер менен АКШга Кытайдан ташылган товарга кошумча 10% бажы алымын киргизүү тууралуу жарлык күчүнө кирген.

Вашингтондун мындай чарасына жооп катары Бээжин АКШдан ташылган негизги айыл чарба азыктарына 15% кошумча алымдарды киргизди. Алар: соя, чочконун эти, уй эти, деңиз азыктары, мөмө-жемиштер, жашылча жана сүт азыктары, буудай, жүгөрү, тоок жана пахта.

Мындан тышкары Кытай өзүнүн экспорттук көзөмөл тизмесине америкалык 15 компанияны, анын ичинде аэрокосмостук жана коргонуу компанияларын кошкон. Эми аларга Кытайга кош максатта колдонулуучу товарларды жеткирүүгө тыюу салынды.

Бул фирмалар "өлкөнүн улуттук коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына коркунуч туудурат", - деп айтылат Кытайдын Соода министрлигинин билдирүүсүндө.

Кытай өкмөтү өлкө өзүнүн аймагы деп эсептеген Тайвань менен аскердик кызматташтыгы үчүн дагы 10 америкалык компанияны “ишенимсиз” деген тизмеге кошту. "Ишенимсиз" компанияларга соода кылууга, алардын жетекчилерине өлкөгө кирүүгө тыюу салынып, кызматкерлеринин туруктуу жашоого уруксаты жокко чыгарылат.

Президент Трамп 4-марттан тарта Канада менен Мексикадан ташылган импортко 25% бажы алымдарын киргизүүнү жарыялаган (Канаданын энергетикалык ресурстарын кошпогондо: алар 10% өлчөмүндө алынат). Мындай чечим боюнча азырынча токтом жок.

Трамп чечимине жогорудагы өлкөлөрдүн мыйзамсыз миграцияны ооздуктоо жана фентанил сыяктуу баңгизаттардын Америкага киришин токтотууга берген убадаларын аткарбай жатканы себеп болгонун айткан.

Канада менен Мексика бул сыяктуу айыптарды четке кагып келет. Кытай болсо Кошмо Штаттардын соңку чечимине каршы Дүйнөлүк соода уюмуна арыздана турганын билдирди. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG