Кремль АКШнын Украинага аскердик жардамын токтотуу ыктымалдыгын кубаттайт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
«Ушул убакка чейин АКШ бул согуштун негизги колдоочусу болуп келгени айдан ачык. Эгер Америка Кошмо Штаттары муну же же жардам берүүнү токтотсо, балким бул тынчтыкка эң жакшы салым болот”, - деди Песков.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинага көрсөтүлүп жаткан бардык аскердик жардамды токтото турууну чечкенин 4-мартта бир катар басылмалар жазып чыгышты.
AFP, Reuters маалымат агенттиктери Ак үйдөгү булак: "Президент тынчтыкты каалай турганын так билдирди. Өнөктөштөрүбүз да ошондой эле ниетте болушу биз үчүн зарыл. Биздин жардам маселени чечүүгө өбөлгө болуп жатканына ынануубуз үчүн биз жардамыбызды токтото турмай жана кайра карап чыкмай болдук", - деп айтып бергенин кабарлашты.
Сөз жардамды таптакыр токтотуп коюу эмес, убактылуу тыныгуу тууралуу болуп жатканын Bloomberg жана Fox News жазышты.
3-мартта Трамп өзүнүн TruthSocial социалдык түйүнүнө украин президенти Владимир Зеленскийдин Орусия менен согуштун аякташы "өтө, өтө алыс" деп айтканы тууралуу Associated Press агенттигинин кабарын жарыялап, "Бул Зеленскийдин жасаган эң жаман билдирүүсү болду, эми Америка мындайга чыдап отурбайт!" деп жазган. Ошону менен катар ал Зеленский "Американын колдоосуна ээ болуп турган чакта тынчтык болушун каалабайт" деп кошумчалаган.
Жеткирүү убактылуу токтотулган аскердик жардамдын көлөмү боюнча азырынча маалымат жок.
Украина АКШдан аскердик жардамды үч жол менен алат - же америкалык президент кампадагы курал-жаракты жаңылаганда ага чейинкисин Украинага берет, же Пентагон Украина үчүн атайын буюртма берип курал-жарак жасатат, же Украина АКШ берген акчага АКШнын куралын сатып алат. (AiA)
Шерине