Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Өзбекстанда чет тилдеги сөздөрдү өзбекчеге алмаштыруу сунушталды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Өзбекстандын Илимдер академиясынын Өзбек тили, адабияты жана фольклору институтунун окумуштууларынан турган жумуш тобу чет тилдеги сөздөрдү өзбекчеге которууну сунуштады. Бул тууралуу "Озодлик" жазды.

Маалым болгондой, бул демилгенин максаты – чет тилден алынган түшүнүктөрдүн улуттук аналогун киргизүү аркылуу өзбек тилин бекемдөө.

Тилчилер азырынча отуздай сөзгө өзбекче аталыш сунуштап жатышат. Тизмеде челленж (чорлов); навигатор (йўллагич); селфи (ўзчеким); светофор (йўлчироқ); оправа (кўзойнак банди); кэшбэк – (ҳадя-қайтим); повербанк (кучлантиргич), акция (ялпи ҳаракат) деген жана башка сөздөр бар.

Жумуш тобунун эксперттери өзбек коомчулугун кайдыгер болбой, өзбекче аталыштарды күнүмдүк турмушта кеңири колдонууга чакырды.

Коңшу өлкөдө интеллигенция өкүлдөрү өзбек тилинин абалына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип келишет. Өзбек бийлигине карата тил реформасына доо келтирилгени тууралуу айыптар айтылган.

Былтыр күзүндө Өзбекстан Эл аралык орус тили уюмуна кирген. Эксперттер Өзбекстандын бул уюмга катышуусу өзбек тилинин абалына өтө терс таасирин тийгизерин айтып, каршы болушкан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG